Кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева дүйнөдөгү таасирдүү 100 айымдын тизмесине кирди

Британиянын BBC басылмасы 2020-жылдагы эң таасирдүү, перспективдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын тизмесин жарыялады. Ал тизмеге кыргызстандык активист, Кыргызстандын Көзү азиздер федерациясынын башчысы Гүлназ Жүзбаева кирди.

«Кыргызстанда беш миңден ашуун азиз адам бар. Алардын көбү өздөрү үчүн маанилүү болгон мамлекеттик документтерди алып окуй албайт. Кыргызстанда Көзү азиздер федерациясынын башчысы Гүлназ дал ушул документтерди көзү начар көргөндөргө Брайл шрифтине салып даярдап берүү менен алек», — деп белгиледи ВВС.

Ошондой эле, ВВС Гүлназдын командасы көзү азиздер үчүн атайын курстарды ачып, анда компьютер, телефондорду пайдалануу, коштоочусуз эле шаарда жүрүүнү үйрөтүп, эмгек рыногуна аралашууга көмөктөшөрүн баса белгиледи. 2020-жылы программаны ийгиликтүү аяктаган 22 чоң адамдын алтоо жумушка орношуп, ал эми эки адам университетке тапшырган.

ВВС басылмасы жыл сайын таасирдүү айымдардын тизмесин жарыялайт. Мында ар кыл өлкөлөрдө түрдүү тармакта эмгектенген аялдар көрсөтүлгөн. Алардын ичинде илим, лидерлик, чыгармачылык жаатында эмгектенгендер бар.

Тизмеге Финляндиянын премьер-министри Санна Марин, коронавирусту изилдөөчү Сара Гилберт, гонконгдук активист Агнес Чоу, америкалык актриса, модель жана филантроп Жейн Фонда, орусиялык депутат жана журналист Оксана Пушкина, ошондой эле белоруссиялык оппозициянын лидери Светлана Тихановская кирген.

Ошондой эле, жылдын эң таасирдүү айымдардын тизмесинде ВВС басылмасы бир орун калтырып, коронавирус менен күрөшүүдө өмүрүн тобокелге салгандардын урматы үчүн деп атаган.

2019-жылы «Азаттык» Гүлназ Жүзбаева тууралуу көрсөтүү даярдаган:

Буга чейин мындай тизмеге Кыргызстандын дзюдо боюнча үч жолку чемпиону Нагира Сарбашева жана Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү Асел Садырова, алгачкы кыргыз спутнигин даярдоонун үстүнөн эмгектенип жаткан Алина Анисимова да кирген.