Сот Текебаев мандаттан эмне үчүн ажыратылганын түшүндүрдү

Бишкектин Административдик соту эмне себептен Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевге мандатын мыйзамсыз кайтарып бергендигин айтып берди.

Соттун маалыматына ылайык, Боршайком Текебаевдин мандатын 15-октябрда кайтарган, анткени Жогорку сот саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жаңы кароого жөнөткөн.

Соттон билдиришкендей, Текебаев депутат Садык Шер-Нияз өз ыктыяры менен баш тарткан мандатты алган. Бирок, «Шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык — эгер депутат мөөнөтүнөн мурда мандатынан баш тартса, анда анын мандаты тизмеде кийинки турган талапкерге берилет.

«Текебаев партиянын талапкерлеринин тизмесинде кезек боюнча мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттан кийинки талапкер болбогонуна карабай, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын тартиби БШК тарабынан бузулганына байланыштуу, соттун чечими менен токтом жараксыз деп табылган. Андыктан сот чечими конституциялык мыйзамдын ченемдеринин негизинде чыгарылды», — деп түшүндүрмө беришти соттон.

Мандатты мыйзамсыз кайтарып берүү жөнүндөгү чечим

Буга чейин активист жана акын Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү боюнча доо арызы канааттандырылып, сот ишин утуп алгандыгын билдирген. Ормуковдун айтымында, Текебаевдин катышуусу менен кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун бардыгы легитимсиз.

Ал эми саясатчы, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сот «саясий чечим» чыгарганын айтып, мандаттан ажыратабыз деген коркутуулар буга чейин деле болуп келгенин кошумчалаган.

Текебаевдин иши

Саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдан баштап тирешип келген. Алгач, партия Атамбаевдин конституциялык реформасына каршы чыгып, андан кийин Текебаев Атамбаевди Кой-Таш айылында мыйзамсыз жер жана көмүскө киреше алганын деп айыптап чыккан.

Мындан тышкары, «Ата Мекендин» юристтери Дача-СУ кыштагына кыйраган «Боинг-747» учагындагы жүккө Атамбаевдин тиешеси бар деп билдиришкен.

2017-жылы жазында оппозиция Атамбаевге импичмент жарыялоону пландап, бирок ошол эле жылдын февраль айында Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов камакка алынган.

Текебаев менен Чотонов 2010-жылы мамлекетке таандык «Мегаком» компаниясын башкарууга шарт түзүп берүү үчүн орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп айыпталган.

Ошол эле жылы алар коррупция жана опузалоо боюнча күнөөлүү деп табылган. Текебаев менен байланыштуу делген «Сентябрь» телеканалы «экстремисттик материалдарды» чагылдырган делип жабылып, ал эми БШК өкүм чыккандан кийин депутаттын мандатын чакыртып алган.

2019-жылы Жогорку сот Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарып, анын ишин кайра кароого жөнөткөн. Мындан кийин Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Текебаев акталса дагы мандатын ала албасын, анткени бул үчүн мыйзамдар базасы жок экенин айткан.

Бекматовдун айтымында, Текебаев алтынчы чакырылыштын мандатын кайтарып ала алмак эмес, бирок талапкерлигин жетинчи чакырылышка коё алмак. Бирок, саясатчы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого барган эмес, «жаштарга жол бошотууну» чечкен. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, саясий кризис башталганда Текебаев парламентке кайтып келүүнү чечкен.