Акыркы суткада коронавирустун жаңы 427 учуру катталды, алты бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 26-ноябрда коронавирустун жаңы 427 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 179;

Чүй облусу — 94;

Ысык-Көл — 35;

Ош облусу — 36;

Жалал-Абад облусу — 23;

Баткен облусу — 28;

Ош шаары — 17;

Талас облусу — 13;

Нарын облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 71 171ге жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 1 293.

Ошондой эле, акыркы суткада 496 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 137, Жалал-Абад облусунда — 64, Ош облусунда — 53, Ош шаарында — 13, Баткен облусунда — 64, Чүй облусунда — 74, Ысык-Көл облусунда — 64, Нарын облусунда — 13, Талас облусунда — 24 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 62 544 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 861 бейтап, ал эми үй шартында 3 832 киши дарыланып жатат.

Мындан сырткары, өлкө боюнча 16 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — төрт, Чүй облусунан — үч, Ысык-Көл облусунан — жети, Ош жана Нарын облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада сегиз медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 858ге жетти, анын ичинен 3 568 медкызматкер илдеттен айыкты.

Ошондой эле, акыркы суткада COVID-19ду жуктурган Бишкек шаарынан — беш жана Ош облусунан — бир бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 251 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.