Коронавирус: Элвира Сурабалдиева медиктерге кун төлөөдөгү мүчүлүштүктөрдү атады

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева. Сүрөт: Республикалык штаб

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 27-ноябрдагы брифингде компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 550гө жакын медик документ тапшырганын кабарлады. Ошондой эле, коомчулукта «кун төлөнбөй жатат» деген пикирлердин жаралышынын бир нече себептерин атады.

Сурабалдиеванын айтымында, инфекция булагы аныкталбагандыгы, документтерди толтурууда мүчүлүштүктөрдүн болуусу, амбулатордук картанын көчүрмөсүнүн жоктугу, инкубация мезгилинде даарыгерлердин эмгек өргүүдө болгону тоскоолдук жаратып жатат.

«Учурда 479 медикке 200 миң сомдон кун төлөнүп берүү чечими кабыл алынды жана 130 кызматкердин документи каралууда. Бүгүнкү күндө 609 медкызматкерге компенсация чегерилди деп атоого болот. Буга чейин 29 каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом төлөнгөн», — деп билдирди Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган. Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы брифингде «Кызыл зонада» иштеген 5 241 медикке сентябрь айында 71 млн сомдон ашуун кенемте төлөнгөнүн айткан.

26-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 71 171ге жетти. Анын ичинен 3 858и медицина кызматкерлери. Алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп атканын айтып арызданушууда — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюррократия бар. Мындан сырткары, ооруну иш үстүндө жуктуруп алганын далилдөө абдан оор. Эгер медик аны далилдей албаса, ага компенсация чегерилбейт.