Салянованын инисин өлтүргөндөргө өкүм чыкты. Маркумдун туугандары ага нааразы

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлтүрүү боюнча иш каралып, соттун өкүмү чыкты.

Сот айыпталуучу Асанэмир Абыкуловду 15 жылга, ал эми Эрмек Осмонкуловду 18 жылга эркинен ажыратты. Анткени менен маркум Саляновдун туугандары соттун өкүмүнө нааразы болуп, бул чечимди экинчи инстанцияга даттана турганын айтышты.

«Бишкек шаардык сотуна биз кайра кайрылабыз. Соттолгон адамдар мындай буйрукту ким бергенин айтышкан жок. Алар негизи өмүр бою эркинен ажыратылса болмок. Бирок эми алар эртерээк абактан чыкканга аракет кылышат», — деди Аида Салянова.

42 жаштагы Улан Салянов 2017-жылдын 6-ноябрында Бишкектин Көк-Жар жаңы коңушунда киши колдуу болгон. Беткапчан кишилер Саляновдун үйүнө кирип, аны атып кетишкен.

Окуядан бир жарым ай өткөндөн кийин — 27-декабрда — Саляновду өлтүрүүгө шектелип Эрмек Осмонкулов кармалган. Анын жанында үч магазин ок-дарысы жана номери өчүрүлгөн Макаров тапанчасы табылган.

Милициянын маалыматына ылайык, кармалган шектүү маркум Салянов менен «тааныш болгон» жана мурда уурулук, карактоо, бейбаштык жана талоончулук үчүн төрт жолу соттолгон.

Кол салууга катышкан экинчи адам — Асанэмир Абыкулов — эл аралык издөөгө алынып, 2018-жылдын 17-январында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган. Ал 2019-жылдын майында Бишкекке атайын коштоо менен алынып келинген.

Саляновду өлтүрүүгө катышкан делген үчүнчү шектүү Екатеринбургда 2018-жылдын августунда кармалган, бирок ал алынып келе элек.

Ал эми Аида Салянова иниси саясий жүйөө менен өлтүрүлгөн деп эсептейт. Ал инисин өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бирин УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев менен байланыштырган. Анын пикири боюнча, Сегизбаев кол салуунун уюштуруучусун колдогон.

Мурдараак ИИМ бул иште саясий мүнөз жок деп билдирип келген жана тергөөнүн негизги версиясы «каракчылык менен тоноо» болгон.

Автору: Бахрам Рахман