«21 жерине бычак сайылган». Ош шаарынын тургуну үйүнө жакын жерде киши колдуу болду

Ош шаарында 21 жерине бычак сайылып каза болгон 32 жаштагы тургундун сөөгү эки күн мурун табылган. 30-ноябрда адам өлтүрүүгө айыпталып шектүү катары 58 жана 60 жаштагы калаа тургундары кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда.

Ош ШИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, милицияга бул тууралуу маркумдун атасы кабарлаган. 28-ноябрга караган түнү үйүнө келбей калган уулун атасы издеп чыгып, натыйжада үйүнөн алыс эмес жерден анын канга боёлуп жатканын көргөн.

«Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, шектүүлөр менен маркум ичимдик ичип отуруп, “сен мени сыйлайсыңбы, же сыйлабайсыңбы?” деген жаңжал чыккан. Кармалган шектүүлөр мурун да адам өлтүрүү боюнча соттолушкан», — деп билдирди милициянын басма сөз кызматы.

Мындан сырткары, шектүүлөрдүн биринин үйүн кароо учурда кан болгон кийимдер, бир даана кандын тактары бар аш бычак жана узундугу 40 см таяк табылган.

Аталган факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин мындан эки ай мурун Баткен облусунун Кыштут айылынын 46 жаштагы тургуну өзүнүн агасын өлтүрүүгө шектелип кармалган. Шектүү маркумду «сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың» деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган.