Ош милициясы асынган абалда табылган 8 жаштагы кыздын өлүмүн иликтөөдө

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылында сегиз жаштагы кыз өз үйүндө асынып алынган абалда табылды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасына 30-ноябрда айылдын башчысы тастыктаган.

«Кыз төрт бир туугандын экинчиси болчу. Апасы мугалим. Окуя болгон күнү үйүндө эч кандай чыр болгон эмес. Өлүмүнүн себеби белгисиз», — деп маалымдалат басылмада.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы «Клоопко» секелектин өлүмүнүн себептери такталып жатканын билдирип, кошумча маалымат берилет деп убадалады.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын мартында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эки окуучу асынып алган. Бирок алардын өз жанын кыюуга эмне түрткү болгону белгисиз. Экөө теӊ толук кандуу үй-бүлөнүн балдары болгон. Бири 29-март күнү күндүзү, дагы бири түнү асынып алган.

Ошондой эле, март айында Ысык-Көл облусунда да беш мектеп окуучусу өз жанын кыйган. Бул окуялар Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда жана Балыкчы шаарында болгон. Өкмөттүн облустагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова балдардын өз жанын кыюуга ата-энелери менен урушкандыгы себеп болушу мүмкүн экенин айткан.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу мектеп окуучулары март айынан тарта аралыктан окууга өтүшкөн. Мындан улам окуучулар да, мугалимдер кыйынчылыкка дуушар болушканын ачыкташып, алтургай ата-энелер да даттанып чыгышкан.

«Укук коргоочулар адам укугу үчүн» коомдук фонду онлайн окутуу боюнча ата-энелерге атайын сурамжылоо жүргүзүшкөн. Сурамжылоо ата-энелердин дээрлик 65%ы 2020-жылдын мартынан тарта аралыктан окуу маалында балдарына жинденишкен. Алардын ичинен айрымдары айласын таппай, кээде үй тапшырмасын аткарбай жана онлайн сабак учурунда тынч отурбай жалакайланган «балдарын урушуп, сабап да койгон» учурлары болгонун моюндашкан.

Тема боюнча:

«Чыдабай калдык». Онлайн окутуу ата-энелерди балдарын сабоого жеткирди — изилдөө