Тарых музейинин директору кызматынан убактылуу бошотулду

Бул тууралуу Алмакүчүков 24.kgге курган маегинди билдирди. Ал 2018-жылы музейдин кызматкерлери үчүн униформа жасатууга жарыяланган тендер боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганына байланыштуу 10 күн мурда эле кызматынан четтетилгени кабарланууда.

«Аталган иштин капиталдык оңдоо иштерине эч кандай тиешеси жок», — деди Алмакүчүков.

Анын айтымында, музейде иштеген үч жыл ичинде анын командасы көптөгөн иштерди жасап, корпоративдик жаңы маданият үчүн негиз түзгөн.

«2016-жылы музейде өрт чыгып, баалуулуктардын бир бөлүгүн жок кылганын баары билишет. Сотко чейинки өндүрүш дагы деле бүтө элек: бирөө өрттөгөнбңү же коопсуздук эрежелери бузулганы үчүн өрт чыкканбы — эмдигиче жооп жок. Ошондой эле, музейдин бузулган жана жоголуп кеткен буюмдары боюнча кайрылуубузга да жооп жок», — деп билдирди Алмакүчүков.

Тарых музейин реконструкциялоо иши

Бишкектеги Тарых музейи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылы мартта реконструкцияга жабылган.

Реконструкция процессин Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеп турган.

2018-жылы майда депутаттар реконструкциядан өткөн музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерисиз оңдоп түзөлгөнүн айтып чыккан.

Ошол учурда УКМК тарых музейинин реконструкциясына жумшалган каражаттарды дароо эле текшере баштаган. Андан соң оңдоп-түздөө иштеринин баасы ашырып айтылганын билдирген.

Аталган иш Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын курулуш иштериндеги коррупциялык бузуулар иши менен бириктирилген. Кылмыш ишинин алты фигурантына Жазык кодексинин 303-беренеси («Коррупция») боюнча иш козголгон. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчысы Сапар Мсаков, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева жана башкалар бар.

Айыптоочу тараптын айтуусу боюнча, Исаков «өз кызматык укуктарынан аша чаап, Мира Карыбаева менен мыйзамга каршы туруктуу байланыш түзгөн». Исаков анын иши саясий мүнөздө экенин, ага каршы коррупция боюнча айыптоолордун артында президент Сооронбай Жээнбеков өзү турат деп билдирген.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту Исаков менен Карыбаеваны күнөөлүү деп тапкан. Исаков 18 жылга эркинен ажыратылып, 247 млн 650 миң сом, ал эми Карыбаева 260 миң сом төлөп бериши керек болгон. Шаардык сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

ТЕМА БОЮНЧА: Тарых музейин тендерсиз жана долбоордук сметасы жок реконструкциялашууда. Бул боюнча эмне белгилүү?