Тарых музейи боюнча козголгон иштин артында Жээнбеков өзү турат — Исаков

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 9-июлда анын иши саясий мүнөздө экенин билдирди. Анын айтымында, коррупция боюнча айыптоолордун артында президент Сооронбай Жээнбеков өзү турат.

«Мен президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, жетекчи жана премьер-министрлик кызматта өз милдеттеримди так аткаргам. Прокуратура ишендиргендей, мен анын баарын кыла алмак эмесмин», — деп келтирет Исаковдун айтканын 24.kg маалымат агенттиги.

Исаков Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция боюнча айыпталууда. Аны менен бирге бул иште айыпталуучу катары президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаева өтүүдө. Бирок экөө тең күнөөлүү болушканын моюнга алышкан эмес.

Апрель айында Башкы прокуратура Тарых музейин реконструкциялоо менен Чолпон-Атадагы ат майданды куруу иштери боюнча тергөөнү эки ишти бир кылмыш ишине бириктирген.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, тергөө бул эки долбоор боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы өлчөмүн 247 млн сом деп баалаган — музей боюнча 101,6 млн сом, ал эми ат майдан боюнча 145,9 млн сом.

Музейди реконструкциялоо жана ат майдандын курулушу

Бишкектеги Тарых музейи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылы мартта реконструкцияга жабылган.

Реконструкция процессин Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеп турган. Оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын 31-августуна карата бүтүрүлөт деп пландалганы менен бүгүнкү күнгө чейин жабык бойдон турат.

2018-жылы майда «Ата Мекен» оппозициячыл партиясы реконструкциядан өткөн музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерисиз оңдоп түзөлгөнүн айтып чыккан.

Ошол учурда УКМК тарых музейинин реконструкциясына жумшалган каражаттарды дароо эле текшере баштаган.

Аны менен бирге УКМК Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушунун баасы кымбаттатылган деп маалымдаган. Анда мамлекетке келтирилген зыян 202 млн сомго бааланган эле.

Дүйнөлүк оюндарды өткөрүүнү Алмазбек Атамбаев демилгелеген. 2016-жылы бийлик Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу менен экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн инфраструктураны реконструкциялоого 1,5 млрд сом короткон — бул курулуш иштерин да Сапар Исаков тескеген.

Ал эми учурда камакта отурган Исаков 2018-жылы апрелде Кыргызстандын «жыргалчылыгы үчүн дайыма чынчыл иштегенин» билдирген. Ал коррупция боюнча өз дарегине тагылып жаткан айыптарды четке какканы менен сатып алуу жана тендер өткөрүүдө айрым ведомстволордо же жалданмачыларда кандайдыр бир эреже буузалар болушу мүмкүндүгүн эсептен чыгарган жок.