Moderna компаниясы COVID-19га каршы 94,1%дык эффективдүү вакцина чыгарды

Иллюстративдик сүрөт

АКШнын Moderna биотехникалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинаны сыноо жыйынтыктары тууралуу расмий маалымат таратты. Ага ылайык, вакцинанын коронавируска каршы эффективдүүлүгү 94,1%ды түзөт.

Мындан сырткары Moderna компаниясынын вакцинасы COVID-19дун оор учурларынын алдын алууда 100% натыйжалуу болгону айтылууда.

Вакцинанын үчүнчү фазадагы сыноосуна 30 миң киши катышкан. Алардын ичинен 196 кишиге коронавирус инфекциясы жуккан — анын 185ине плацебо, ал эми 11 адамга вакцина колдонулган.

Учурда Moderna өзүнүн вакцинасын каттоо үчүн АКШнын тамак өнөр-жай жана медикаменттерди санитардык көзөмөлдөө башкармалыгына жана Европалык медициналык агенттигине кайрылды. Кайрылуунун негизинде, вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу текшерилет.

«Бизде аябай эффективдүү вакцина бар деп ишенебиз. Азыр бизде муну тастыктаган маалыматтар бар», — деп билдирди Moderna компаниясынын башкы санитардык инспектору Тал Закс «Al Jazeera» басылмасына.

Буга чейин америкалык Pfizer корпорациясы германиялык BioNTech компаниясы менен биргеликте коронавируска каршы чыгарган BNT162b2 вакцинанын үчүнчү этаптагы сыноосу 90 пайыз эффективдүүлүк көрсөткөнүн маалымдаган. Компаниялар 2020-жылдын аягына чейин вакцинанын 50 миллион, ал эми 2021-жылы 1,3 млрд дозасын чыгармакчы.

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 63 млн 236 миӊ 891 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 1 млн 467 миӊ 988 адам каза болду.