Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен соодалашуу болгонун моюндады

Садык Шер-Нияз

Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин президенттикке талапкерлигин алып салган Садык Шер-Нияз алардын жолугушуусу «ийгиликтүү» өткөнүн айткан.

Ал ошондой эле, 30-ноябрда болгон жолугушууда соодалашуу болгонун ырастап, ал кандай жүргөнүнө түз эфирде көрөрмандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Соодалашып алыптыр деген да сөз болду. Ооба, соодалаштым, маданият үчүн.

70-80 пайыз позициябызды тактап алдык… Кээ бири “бул кызмат үчүн соодалашты” деп ойлоп калбасын. Мен муну тастыктап айтам… Биз идеяны соодалаштык, идея боюнча позициябызды тактадык», — деди ал.

Мындан сырткары алардын мамлекеттин башкаруу формасы боюнча пикири дал келбей турганын айтты. Шер-Нияз парламенттик системаны колдой берерин айтты. Бирок Жапаров президенттик башкаруу болсун деген пикирин абактан чыккандан бери айтып келет. Анткен менен ал акыркы учурларды мамлекеттик башкаруу системасы кандай болушу керектигин референдумда эл чечсин дегн пикирди карманып жатат.

«Садыр Жапаров боюнча бир аз жаңылганымды мойнума алам»

Шер-Нияз ошондой эле, буга чейин Садыр Жапаров боюнча айткан ойлорунан кайтканын да белгиледи. Мурда ал Жапаровдон текеберликти байкап келген болсо, жолуккандан кийин тескерисинче ал кол сунуп, болушунча комромиске бара турган киши экенине ынанганын айтты.

«Садыр Жапаров боюнча бир аз жаңылганымды мойнума алам. Анткени мен Садыр Жапаровдун биринчи жүрүштөрүнө карап, криминал менен аралашкан деген ойдо болчумун, чынында. Бирок кийинки окуялар, тастыкталган маалыматтардан кийин бул киши криминалга аёосуз күрөшөрүнө терең ишендим», — деди ал.

Шер-Нияз ошондой эле, талапкерлигин алып салышына ушул нерсе дагы түрткү болгонун белгиледи.

Президенттикке эмне үчүн талапкерлигин койгону боюнча

Ал ажолукка татыктуу талапкерлер чыкпагандыктан аттанууну чечкенин билдирди.

«Чынында ошол учурда чыныгы саясатчылар жок болуп жатканынан улам койгом. Ошондой болуп калды. Мыкты саясатчы деп Нурлан Мотуев, Арстан Алай саналып калган учурда мен койдум. Мен койгондон кийин бир топ мыкты чыгаан саясатчылар коркпой-үркпөй коюшту», — деди Шер-Нияз.

Парламенттик шайлоого катышуу тууралуу

Садык Шер-Нияз окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып, парламенттик шайлоодон буга чейин эле баш тартканын, андыктан шайлоого барам деген ою жок экенин айтты. Учурда ал оюнда шайлоодон башка ойлор жана долбоорлор бар экенине токтолду. Ал ошондой эле мындан ары коомдук иштер менен алектене турганын кошумчалады.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда белгиленген президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт. Учурда мамлекет башчысы болом дегендердин саны 63төн 47ге чейин түштү.