Иманалиев: Эгерде Жапаров президент болсо «эң сабатсыз өлкө башчы» болот

Материал 14:41де жаңыртылды

Президенттикке талапкер, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 24-ноябрдагы басма сөз жыйынында Садыр Жапаровдун талапкерлиги тууралуу оюн билдирди.

Жыйынга президенттикке койгон башка талапкерлер — Равшан Жээнбеков, Бактыбек Жумабеков, Клара Сооронкулова, Садык Шер-Нияз, Токтайым Уметалиева жана Кубанычбек Токтосунов — да катышты.

Иманалиев эгерде Жапаров президент болсо «акыркы жүз жылдагы Кыргызстандын эң сабатсыз өлкө башчысы» боло турганын билдириди. Депутат Исхак Раззаковдон баштап экс-президент Сооронбай Жээнбековго чейинки өлкө башчыларды мисал катары келтирди — алардын баары жогорку билимдүү жана саясатта чоң тажрыйбасы бар болгон.

«Биздин акыркы жолдошубуз [Садыр Жапаров] Дене тарбия институтун сыртынан бүтүргөн. Биздин эл прогрессивдүү саясатчыга татыктуу. Биз буга жол бербейбиз, бүгүн 21 кылым», — деди Иманалиев.

*Садыр Жапаров 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтун, 2006-жылы Кыргыз-орус славян университетинин юриспруденция факультетин аяктаган.

Ошондой эле Иманалиев депутат Өмүрбек Текебаев Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса «Кыргызстан Түркмөнстандын кейпин кийип калат» деп белгиледи.

*Учурда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, ал эки мөөнөткө шайланууга укуктуу болгону жазылган. Азыркы Баш мыйзам боюнча президент бир мөөнөткө гана шайлана алат.

«Эгерде Садыр Жапаров президент болсо Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланат. Биз буга жол бербейбиз, себеби ал зомбулук жана хаос аркылуу, бандиттер аркылуу, фейк-жоокерлер аркылуу бийликке аттанып жатат. Биз суверенитет, конституциялык түзүмдү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргойбуз», — деп жыйынтыктады сөзүн Иманалиев.

Буга чейин Садыр Жапаров «7-каналга» берген маегинде Иманалиевдин «типографияга байланышкан жана андан башка коррупциялык иштери бар» деп айткан. Бирок кайсы кылмыш иши тууралуу айтып жатканын Жапаров тактаган эмес.

Иманалиев болсо бул маалыматты төгүндөп, Жапаров ушактар жана фейк маалыматтарды колдонуп жүрөт деп белгилеген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Алгач президенттикке катышуу ниетин алгач 65 талапкер билдирген. Алардын ичинен Борбордук шайлоо комиссиясы 47 талапкерди калтырды.