Атамбаевдин өкүмү жокко чыккан, бирок ал абактан бошотула элек. Жогорку сот себебин айтты

Алмазбек Атамбаев жана Сергей Слесарёв. Сүрөт: Акипресс

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин башкы фигуранты Алмазбек Атамбаевдин өкүмү сот тарабынан жокко чыгарылганы менен ал №47 колониядан бошотула элек. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Жогоку соттун билдиришинче, алгач иштин материалдары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна келип түшүүгө тийиш.

«Иштин материалдары 5 күн аралыгында биринчи инстанциядагы сотко келип түшүшү керек. Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси эгерде адвокаттардан өтүнүч келип түшсө Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмыш ишин кайрадан карап баштаганда чечилиши мүмкүн», — деп билдиришти Жогорку соттон.

Адвокаттар Атамбаевди колонияда мыйзамсыз кармап жатышат деп эсептешет. Сергей Слесарёвдун айтымында, Жогорку соттун токтому «кечиктирилбей» аткарылышы керек.

«Жогорку сот токтомду Биринчи май райсотуна жөнөтүшү керек, алар болсо коргоп жаткан адамымды бошотуш үчүн ЖАМКка жөнөтүүгө тийиш», — деп белгиледи ал.

Буга чейин мурдагы президенттин дагы бир адвокаты Замир Жоошев Атамбаев бошотулушу керектигин айткан, себеп дегенде Биринчи май жана Бишкек шаардык сотунун чечимдери Жогорку сот тарабынан жокко чыккан деп билдирген. Демек бул, Атамбаевге карата сот өкүмдөрү жок дегенди билдирет.

«Батукаевдин иши боюнча жергиликтүү соттордун өкүмдөрү жокко чыкты — табиятта алар жок. Буга чейин Атамбаев Батукаевдин иши боюнча өкүмдүн негизинде №47 түзөтүү абагында кармалып жаткан. ЖАМК Жогорку соттун өкүмүн аткаруу менен Атамбаевди бүгүн колониядан чыгарышы керек», — деген адвокат.

Жоошев Атамбаев фигурант болгон башка кылмыш иштери боюнча сот баш коргоо чарасына байланышкан эч кандай чечим кабыл албагандыгын, андыктан Атамбаев токтоосуз эркиндикке чыгышы керек деп эскертти.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Натыйжада укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин багынып берген.

Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында камакта отурат, ага штурмдан кийин бир катар айыптар тагылган.

Ал эми бул ишке тиешеси бар делген башка аткаминерлер тергөө менен кызматташууга барып, айыпка жыгылышкан.