Азимбек Бекназаров экс-президенттерди жеңилдиктерден ажыратууну сунуштады

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Конституциядан экс-президенттердин макамы тууралуу пунктту алып салууну сунуштады. Ал Конституциялык кеңештин курамында болбогону менен атайын ушул сунушун айтуу үчүн келген.

Бекназаров экс-президенттерге жеңилдиктерди берүү менен мамлекеттик бюджет ири материалдык чыгым тартып жатканын белгиледи.

«Тажрыйба көрсөткөндөй, журт атасы деген мамлекет башчысы экс-президент деген макамга, мамлекет тарабынан берилген жеңилдиктерге ээ болуу үчүн өз элин кароосуз калтырып кетет экен. Элдин кандай оор абалда калганы аларды ойлондурбайт. Өздөрү жөнүндө гана ойлонушат. Андыктан баш мыйзамда жазылбаса деле алардын экс экенин элдин баары билет»,— деп билдирди Бекназаров.

Мындан тышкары, ал «айрым мурдагы президенттер макамынан пайдаланып, чет өлкөдө мамлекеттин атынан сүйлөп жатканын» белгиледи. Анын ою боюнча, алар мындай кылбашы керек.

Азимбек Бекназаров 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны кайра алып келүү сунушун айтып чыкты, себеби анда экс-президенттин макамы тууралуу ченем каралган эмес.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бул маселени карап жатышат.

Кыргызстанда мурдагы эки өлкө башчысында гана экс-президенттик макам бар — Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо. Жээнбеков мөөнөтүн толук иштеген жок, ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам жаралган нааразычылык акциялардан кийин отставкага кеткен, ал эми президенттин милдетин жаңы эле абактан чыккан Садыр Жапаров аткарып баштаган, кийин бул кызмат анын үзөңгүлөшү Талант Мамытовго өткөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө мыйзамына ылайык, Отунбаева жана Жээнбеков өмүр бою жөлөк пул жана медициналык камсыздоо алынууга укуктуу. Экс-президенттин артыкчылыктары менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү дагы колдоно алат.

Ошондой эле, экс-президенттерге жана алардын үй-бүлөсүнө өмүр бою мамлекеттик күзөт кызматы кызмат көрсөтөт жана мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою колдоно алат.

Экс-президент пенсиялык куракка жеткенге чейин болжолдуу 103 миң сомду түзгөн президенттин бир айлык эмгек акысынын 75 пайызынын өлчөмүндөгү пенсия менен өмүр бою камсыздалат.

Экс-президенттер пенсия курагына жеткенде ошол эле суммадагы пенсия төлөнөт. Төлөмдөрдүн өлчөмү президенттин маянасынын көбөйүшүнө же азайышына жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Турак жайды, транспорттук каражаттарды жана башка кызматтарды пайдалануу боюнча бардык чыгымдар мамлекет тарабынан төлөнөт.

Эгерде мурдагы президент кайтыш болсо мамлекет анын үй-бүлөсүнө ай сайын мурдагы президенттин пенсиясынын өлчөмүнө алты эселенген шайкеш жөлөкпүл төлөп турат.