Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбеков өз арызы боюнча президенттин кеңешчилик кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 1-декабрда кол койду.

Айдарбеков 22-октябрда ошол убакта президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун стратегиялык тышкы саясат жана инвестициялык маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.

«Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды», — деп айтылат анын дайындалышы тууралуу макалада.

Анда президенттин аппараты мамлекеттик кызматка кесипкөй жаштарды тартып, кадрдык курамды жашартарын билдирген.

Чыңгыз Айдарбеков 2018-жылдын октябрынан бери ТИМдин башчысы болуп иштеп келген, ал эми 2020-жылдын октябрында анын ордуна Руслан Казакбаев дайындалган.

Айдарбеков 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктагандан кийин, кызмат жолун кыргыз ТИМинин КМШ башкармалыгында атташе кызматын алаары менен дароо эле баштаган. Бул башкармалыкта ал бөлүмдөрдүн биринин жетекчилик кызматына жетишип, 2008-жылга дейре иштеген.

Ал 2011-жылы президенттик аппаратта, ал эми 2012-жылдан 2016-жылга чейин Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчилик кызматына дайындалган.