Хирург Мамбет Мамакеевге «Гиннеcтин» диплому тапшырылды

Кыргызстандык хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис деп табылып, 2020-жылдын 29-февралында «Гиннес» рекорддор китебине кирген. Анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.

Дүйнөдөгү пандемиялык абалдан улам дипломду тапшыруу кечиктирилген. «Гиннес» рекорддор китебинин өкүлдөрү өздөрү тапшыруу үчүн абалдын туруктуу болушун күтүшкөн. Хирургдун диплому 2-декабрда экспресс почта аркылуу жиберилген.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. КММАга 1946-жылы тапшырган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.

Кыргызстандын Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору катары азыр да ишин улантып келатат. Бул борборго хирургдун аты берилген.

Тема боюнча:

«30 миң операция». Кыргызстандык хирург Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди