Жалал-Абад: «Мекенчилден» талапкер болгон Эрнисбек Ормоков мэр болуп шайланды

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шаардык кеңештин депутаты Эрнисбек Ормоков бир добуштан шайланды. Ал жалгыз талапкер болгон, анткени мэриянын аппарат башчысы Эрнист Зияйдинов шайлоо күнү талапкерлигин алып койгон.

Бул тууралуу «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

«3-декабрда өткөн шаардык кеңештин кезектеги жыйынында 31 депутаттын ичинен 28 депутат катышып, анын баары Ормоковго добуш беришти», — деди Жээнбеков.

Басма сөз катчынын айтымында, талапкерлигин алып койгонун Зияйдинов Ормоковго ишеним көрсөткөнү менен байланыштырган.

Эрнисбек Ормоков — Жалал-Абад шаардык кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон. Ошондой эле, Ормоков шаардык кеңешке «Ата журт» партиясынан келген, ал эми 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан аттанган. Ал тизмеде №14 орунда болгон.

Ал эми Жалал-Абад облусунун башчысы болуп Абсаттар Сыргабаев 19-октябрда дайындалган. Ал УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин өкүл уулу. Ошондой эле, Сыргабаев да парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышып, алдыңкы беш талапкердин катарына кирген.

«Ата Журт» партиясын Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров негиздеген. Парламенттик шайлоого алар түптөгөн «Мекенчил» партиясы менен барышкан.

Буга чейин калааны Мураталы Тагаев башкарып турган. 5-октябрда өлкөдө орун алган башаламандыктан кийин, Жалал-Абад мэриясынын алдына эртеси күнү 100дөй киши чогулган. Алар шаар жетекчилигинен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана мэрден кызматын тапшырууну талап кылышкан. Натыйжада Тагаев 6-октябрда кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган.