Таласта бир күн бою «Манас» айтуу иш-чарасы өтүп жатат

Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде 20дан ашун манасчы «Манас эпосунун күнүнө» карата манас айтып жатат. Алар манасты бир сутка бою айтышат.

«Манас» айтуу саамалыгына вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, парламенттин мурдагы депутаттары Карганбек Самаков жана Эсенгул Исаков, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, анын орун басары Кайрат Иманалиев катышып жатат. Ошондой эле, манасчы Дөөлөт Сыдыков да бар.

Маданият министрлиги аталган иш-чараны өткөрүүгө мамлекеттик казынадан акча каражаты сарпталбай, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп жатканын белгиледи.

«Буга окшогон саамалык мурда болгон эмес. Бул иш-чара Манастан эмне сабак алабыз деген таризде өтүп атат. Манасчы ошол окуяда эмне катылганын кара сөз түрүндө баяндап берип, андан соң ыр түрүндө айтат», — дейт аталган иш-чаранын алып баруучусу Азиз Биймырза уулу.

Буга чейин 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков тынымсыз жана узак мөөнөткө манас айтуу боюнча рекорд койгон.

Алгач Сыдыков Гиннесс рекорддор китебине кирүү үчүн 12 саат манас айтмакчы болгон. Жыйынтыгында манасчы 14 саат 27 мүнөт токтобой төгүп, ыктыярчылар жана иш-чаранын уюштуруучулары атайылап токтотууга аргасыз болушкан. Буга чейин манасты 10 сааттан ашык айткандар болгон эмес.

«Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги 2013-жылдын 4-декабрында ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган.