Журналисттик иликтөөдөн кийин финпол Оштогу конуштан 73 млн сом зыян келгенин тапты

Финансы полициясынын басма сөз кызматы Ош облусунун Кең-Сай жаңы конушун электр энергиясы менен камсыздоодо мамлекетке 73,4 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин билдирди.

«Эки транформатордун баасы дээрлик 8 эсе жогорулатылган, ал эми келтирилген зыяндын суммасы алдын ала 73,4 млн сомду түзөт», — деп билдиришти финолдон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыздоо үчүн бир компания менен 200 млн сомго келишим түзгөн.

Андан соң аталган компания 82,6 млн сомго эки трансформатор алып келип бериши керек болгон башка фирма менен субподряддык келишим түзгөн. Бирок иш жүзүндө сатып алынган трансформаторлордун наркы 10 млн сомду түзгөн.

Бул иш боюнча мурдараак Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы менен келишим түзгөн башкы жалданмачы компаниянын жетекчиси кармалган. Башка адамдардын бул ишке катыштыгы боюнча тергөө уланууда.

Кең-Сай конушу

Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө каражаттар коротулганы тууралуу журналист Ыдырыс Исаков иликтөөсүндө айтып берген. Анда Исаков 2010-жылы болгон Ош окуяларынан кийин жери жок шаар тургундары Оштун чет жакасындагы аймактарды басып ала башташканын түшүндүргөн.

Ал учурда Ош шаарынын жана Ош облусунун бийлиги жер басып алууну токтотуш үчүн Кең-Сай массивин жер тилкелерине бөлүштүрүп, адамдарга таркатып берүүнү чечкен. Натыйжада массивдин 1 624 гектары 10 500 адамдын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Курулуш иштери 2011-жылы эле Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турган учурда башталган. Бирок учурда ал жакта эч ким жашабайт, себеп дегенде суу да, электр жарыгы да, жол да жок.

Мындан тышкары, журналист Кең-Сайды свет менен камсыздоого СУТрансПромЖилСтрой аттуу фирмага 240 млн сомдук буюртма берилгенин дагы айтып өткөн.

«Фирма 9 жыл ичинде Орусиядан эки трансформаторду алып келип койгондон башка иш кылган эмес. Атайын комиссия бул фирма 134 млн сомдук гана иш аткарган деген тыянакка келген», — деп айтып берген журналист.

Өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн баасы боюнча бул транформаторлордун ар бири, финполдун жаңы маалыматтары боюнча да 10-11 млн сомго чукул акчаны түзөт.