Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling онлайн турниринде жеңишке жетти

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнүн жылдыздарынын арасында өткөн United World Wrestling виртуалдык турниринде жеңишке жетти. Добуш берүү United World Wrestlingдин инстаграм барагында өтүп, ага 16 спортчу катышкан.

Тыныбекова Индиянын белгилүү спортчусу, Олимпиада-2016 оюндарынын катышуучусу Винеш Пхогат менен бирге финалга чыккан. Добуш берүүгө дээрлик 292, 896 адам катышкан. Тыныбеков өз пайдасына 170 миңден ашуун добуш топтогон, бул добуш бергендердин 58% түзгөн.

Тыныбекова — күрөштүн эркин стилиндеги балбаны жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ал буга чейин Олимпиада оюндарына эки жолу катышып, бирок медал ала албай калган. Эми ал келе жаткан Олимпиада оюндарына катышканы турат.

Тыныбекова күрөш боюнча 2019-жылы сентябрда дүйнө чемпиону болгон. Мурдараак ал UWWнын дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башына чыккан. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирдин алтын медалын жеңип келген.