Бороновдун жардамчысы: экс-премьердин абалы канааттандырарлык

Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов

Экс-премьер-министр Кубатбек Бороновдун абалы канааттандырарлык. Ал ооруканада жубайы жана уулу менен жатат. Алар да коронавируска чалдыккан.

Бул тууралуу «Клоопко» Бороновдун жардамчысы Руслан Турдумамбетов билдирди. Анын айтымында, Бороновдун дене табы 36-37 градус болуп, сатурациясы да жакшы.

Мындан үч күн мурун Боронов COVID-19 диагнозу менен ооруканада жатканы кабарланган. Ошондой эле, кээ бир ЖМКларда мурдагы өкмөт башчысын «жандандыруу бөлүмүндө» деп маалымдашкан. Бирок Турдумамбетов муну төгүндөгөн.

Кубатбек Боронов өлкө премьер-министрлигине үстүбүздөгү жылдын июнь айында келген.

Ал өкмөттү Кыргызстанда коронавирус күч алып турган маалда жетектей баштаган. Ал убакта калаадагы жана өлкө боюнча ооруканалар менен стационарлар коронавирус жуктурган бейтаптарга толуп, ал эми саламаттык сактоо системасы ооруну жаңы жуктуруп түшкөндөргө жардам көрсөтүүгө алы жетпей турган. Ага чейинки өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктарды арзан баада сатууга байланыштуу чырдын шартында кызматынан кеткен.

Өкмөттүн коронавируска каршы күрөшүүдөгү кемчиликтеринен улам Бороновдун дарегине коомчулук тарабынан көптөгөн сындар айтылган. Ошондой эле Бишкектеги жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери дагы коомчулуктун купулуна толгон эмес. Бир ай ичинде тургузулат деген оорукананын курулушу кечеңдеп, ал эми соцтармактарда анын сырткы көрүнүшү «малканага» теңелген.

Боронов отставкага кетүү тууралуу арызын октябрь айында, саясий кризистин, Ак үйдү басып алуунун жана 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышынын шартында жазган.

Ал эми анын ордуна тарапташтарынын жардамы менен абактан бошотулган Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган — алар өкмөт үйүн дээрлик басып алышкан эле. Жыйынтыгында, алар коркутуулар менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүүгө жетишип, андан соң Жапаровго президенттин милдетин аткаруучу болууга да жардам беришкен.

6-декабрга карата өлкөдө коронавирустун жаңы 328 учуру катталды. Анын ичинен эң көп учур Бишкек шаарында аныкталды — 179. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 74 973кө жетти. Ошондой эле, өлкө боюнча 66 993 бейтап оорудан айыкты. Илдеттен 1 295 киши көз жумду.