«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Кара-Балтанын мэри болуп шайланды

Данияр Шакирбаев (оң жактан экинчи)

Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын жаңы мэри болуп Данияр Шакирбаев бекитилди.

Буга чейин, 30-ноябрда, Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары Шакирбаевдин талапкерлигин колдогон — ага 31 депутаттын 18и добушун берген. Ал эми Шакирбаев өзү шаардык кеңеште «Мекеним Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп турган.

Шакирбаевден сырткары Кара-Балта шаарынын мэрлишине КСДПдан Бакыт Раманкулов жана «Элеман» фракциясынан Таалайбек Сүюмбаев да талапкерлигин коюшкан. Сүюмбаев 13 добушка ээ болгон, ал эми Бакыт Раманкуловго эч ким добуш берген эмес.

БШКнын маалыматына караганда, Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу арыздар жана даттануулар түшкөн эмес.

37 жаштагы Кара-Балтанын жаңы мэри милиция мектебин аяктаган, андан соң юрист кесибине ээ болгон. 2018-жылы шаардык кеңешке келгенге чейин Шакирбаев ишкерлик менен алектенген, 2005-2007-жылдары ИИМде кызмат өтөгөн.

Ал эми калаанын мурдагы мэри Данияр Шабданов 7-октябрда шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кызматтан алууга сунушталган. Алар анын жасаган ишине нааразы болушкан. Шабданов 29-октябрда расмий иштен алынган.