Айтматовдун чыгармалары аудио китеп болуп чыкты

Сүрөт: «Кабар» басылмасы

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карай анын чыгармалары аудио китеп форматында жарык көрдү. Бул тууралуу Айтматов академиясынын өкүлү Нурболот Азаматов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында кыргыз тилиндеги аудио китептер «5-каналдын» башкы директору Эрнис Кыязовдун демилгеси аркылуу жарык көргөн. Азаматов аудио китеп түрүндөгү чыгармалар жазуучунун 12-декабрда боло турган туулган күнүнө карата чыкканын айтты.

«Жыл сайын декабрь айында жазуучуну эскеребиз жана ага арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Быйыл болсо Эрнис Кыязов жазуучунун чыгармаларын аудиолоштуруп, үн коштоп, диск түрүндө чыгарды», — деп билдирди Азаматов.

Ал эми Эрнис Кыязов бул демилгени интернетте орус тилдүү аудио китептерге салыштырмалуу кыргызча аудио китептери аз болгондуктан көтөрүп чыкканын билдирди.

«Санаалаштарым менен кеңешип Айтматовдун бардык чыгармаларын аудиолоштуруп, Youtube-каналга жүктөдүк. Ошондой эле жазуучунун чыгармалары диск түрүндө чыгарылып, көзү азиздер коомуна, карыялар интернатына берилет» — деди Кыязов.

Ошондой эле көзү азиздер үчүн республикалык китепкананын директору Жумабай Исмаилов Айтматовдун чыгармаларындагы баалуулуктар «канчалык элге таралса, ошончолук маданиятыбыз, рухубуз өсүп-өнүгөрүн» билдирди.

«Жазуучунун чыгармалары аудио түрүндө чыга баштады. Көзү азиздер үчүн жакшы вариант жана үн аркылуу жакшы түшүнүгү берилет. Буйруса, бүгүнкү аудио китептер дагы биздин маалымат базабызга киргизилет», — деп билдирди Исмаилов.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусундагы Шекер айылында туулган. Анын чыгармаларын дүйнө эли сүйүп окуп, 90дон ашык тилге которулган. Айтматов 2008-жылы 10-июнда Германиянын Нюрнберг шаарында 79 жашында каза болгон.