Бир видео менен: Новиков исфаналыктарды аэропорттун ачылышы менен куттуктады

Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков 7-декабрда Баткен облусунун Исфана шаарындагы оңдолгон аэропорттун ачылышына катышты. Реконстукциядан өткөн жаңы аэропортко Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды.

«Бүгүн баарыбыз үчүн жакшы күн. Айрыкча мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү [күн]. Себеби, биринчиден, Кыргызстанда дагы бир жаңы аэропорт [ачылды]. Экинчиден, менде сизге жакшы жаңылыгым бар. Урматтуу Исфана шаарынын тургундары, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы татыктуу майрамдалышы керек. Ушул аэропортко мамлекеттик ишмер, улуу инсан Исхак Раззаковдун ысымы берилди. Барыңыздарды чын дилимден куттуктайм», — деп айтты Новиков кыргыз тилинде.

Исфана шаарынын аэропорту 1974-жылы курулган. Аэропорт Бишкек—Исфана—Бишкек багытындагы ички авиакаттамда жүргүнчүлөрдү ташып турган.