COVID-19 жуктурганы үчүн 638 медикке кенемте төлөнүп берилди — ССМ

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова. Сүрөт: Республикалык штаб

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 8-декабрдагы брифингде жалпы 638 медикке кенемте төлөнүп берилгендигин маалымдады.

Анын айтымында, 608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсация алышты, каза болгон 30 медиктин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом төлөнүп берилди.

«Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда», — деди Акматова.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Буга чейин Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 27-ноябрдагы брифингде компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 550гө жакын медик документ тапшырганын маалымдаган.

Өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкерлер ушунча көп болгонуна карабастан алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп атканын айтып арызданышкан — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюррократия бар.

Мындан сырткары, жуктуруу иш үстүндө болгонун далилдөө абдан оор. Эгер медик жумуш үстүндө жуктурганын далилдей албаса, анда ага компенсация чегерилбейт.

Ошондой эле, Сурабалдиева брифингде коомчулукта «кун төлөнбөй жатат» деген пикирлердин жаралышынын бир нече себептерин атаган. Ал инфекция булагы аныкталбагандыгы, документтерди толтурууда мүчүлүштүктөрдүн болуусу, амбулатордук картанын көчүрмөсүнүн жоктугу, инкубация мезгилинде даарыгерлердин эмгек өргүүдө болгону тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча өкүлү Индира Жумабаева COVID-19ду жуктуруп алган медиктерге кенемте төлөө үчүн алардан арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулгандыгын маалымдаган.

Анын айтымында, буга чейин келип түшкөн арыздар атайын комиссия тарабынан текшерилип бүткөндөн соң жаңы документтер кабыл алына баштайт. Кабыл алуу жаңы жылдан кийин жанданышы мүмкүн. Учурда 1-сентябрга чейин келип түшкөн арыздар каралууда.

8-декабрга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 75 690го ге жетти. Анын ичинен 3 986сы медицина кызматкери. Ал эми илдеттен айыккан медиктердин саны — 3 695. Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.