Ош ШИИБи: Патрулдук милиция таяк кармабайт, автоунааларды тоспойт

Ош шаарында ИИМдин кайгуул кызматынын жана Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринен турган патрулдук милиция 7-декабрдан тарта ишин баштады. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов билдирди.

Анын айтымында, аталган кызмат калаадагы коомдук коопсуздукту, жарандардын жеке коопсуздугун жана жол коопсуздугун камсыздайт. Ошондой эле, шаарга 11 автопатрул, 16 жөө кайгуул бөлүнүп, 100дөн ашуун кызматкер тартылган.

«102 кызматына кандай маалымат түшпөсүн бул кызмат аталган жайга ыкчам барып, материалдарды чогултуп, мыйзам чегинде иш аткарат. Күнү-түнү иш алып барышат. Мурдагыдай таяк кармабайт, автоунааларды тоспойт. Айрым учурда гана жол чырактар иштебей калган убакта ал жерди жөнгө салуу үчүн таяк кармашат», — деди Тавакалов.

Буга чейин 2019-жылдын майында ЖКККББны Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына (МККБ) өзгөртүү чечими чыккан. Аталган кызмат пилоттук негизде Бишкекте иштеп баштаган.

Кайгуул милициясын реформалоо аракеттери буга чейин да болуп келген. Акыркы жолу ведомствонун атын 2017-жылы ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков өзгөрткөн. Анда ведомство Кайгуул милициянын башкы башкармалыгынан (КМББ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгына (ЖКККББ) өзгөргөн.

Ошондой эле, бул мекеме ар башка убакта Кайгуул посттук кызматы (КПК), Жол кайгуул кызматы (ЖКК), Мамлекеттик авто инспекциясы (МАИ), Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) деген аттарга ээ болчу.