Ошто 15 жаштагы кыздын боюнан түшүп калды. Милиция териштирүүнү баштады

Ош шаардык төрөт үйү

Ош шаардык төрөтканага 15 жаштагы кыз боюнан түшүп кайрылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов билдирди.

Маалыматка ылайык, жашы жете элек кыз апасы менен бейтапканага 6-декабрда барган. Өспүрүмдөн кан көп кетип, колунда түйүлдүк болгон. Бул окуя тууралуу шаардык төрөткананын дарыгерлери Оштун милициясына кабарлашкан.

«Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып,тийиштүү материлдарды чогултту. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Кыздын туугандары жана жакындары суралып жатат», — деди Тавакалов.

Ош ШИИБи бул окуя боюнча «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук соту 15 жаштагы карындашын зордуктаган тургунду 20 жылга эркинен ажыраткан. Жабырлануучу зордуктоодон кийин кош бойлуу болуп, шаардык төрөтканада көз жарган. Кийинчерээк өспүрүм кыз ымыркайынан баш тарткан.