Сузак: Жашы жете элек карындашын зордуктаган бала 20 жылга эркинен ажыратылды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту жашы жете элек карындашын зордуктаган баланы 20 жылга эркинен ажыратты. Өкүм Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Сот 20 жаштагы соттолуучуну «билип туруп жашы жетелекке карата жасалган» жана «каалабаган кош бойлуулукка алып келген» зордуктоого күнөлүү деп тапты.

Милициянын маалыматына ылайык, соттолуучу 15 жаштагы кызды өткөн жылдын октябрь айында мас абалында зордуктаган. Анын айынан өспүрүм кыздын боюна бүтүп калган.

Үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда кыз толгоо тарта баштаганда агасы Сузактагы Октябрь аймактык ооруканасына «сокур ичегиси ооруп жатат» деп алып келген. Бирок аймактык оорукана аларды кабыл албай койгон соң алар шаардык төрөтканага барышкан. Өспүрүм кыз ошол жерден төрөп, ымыркайдан баш тарткан.

Укук коргоо органдары алгач бул окуяны «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен каттаган болчу.

Кыздын апасы мындан эки жыл мурун Орусияга акча табуу үчүн кеткен. Ал эми сегиз бир тууган атасынын кароосунда болушкан.

Жакындары тарабынан зордукталган кыздар

Буга чейин 11 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталып, 2018-жылы көз жарган. Жабырлануучу кыз атасы алты жыл бою зордуктап жүргөнүн эч кимге айта алган эмес. Анткени өз апасы «элдерге уят болобуз» деп тыйып келген. 2018-жылдын 27-февралында 53 жаштагы өгөй атаны Өзгөн райондук соту «зордуктоо» беренеси менен күнөөлүү деп таап 15 жылга кескен.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын башында Араван райондук соту 15 жаштагы өз кызын зордуктоого күнөөлү деп табылган жаранды өмүр бою эркинен ажыраткан. Өспүрүмдүн атасы тарабынан бир жыл бою зордукталып жүргөндүгү ооруканага барганда билинген.

Өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук

Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров парламенттин 1-июнундагы отурумунда 2019-жылы үймө-үй кыдырып текшерүүдө 10-12 жаштагы кыздарга карата сексуалдык зомбулуктун 27 учуру аныкталганын билдирген. Аталган фактылар эч жерде катталбаганы белгилүү болгон.

Анын айтымында, 700 миң үйдү кыдырып текшерүүнүн жыйынтыгында 106 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү аныкталып каттоого алынган. Анын ичинен 5600 бала чоочун кишилердин кароосуна калтырылган: классташтарына жана коңшуларына.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2 462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36сы өзгөчө оор жана 2 248и жеңил.

Ошондой эле, жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталган. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз бар экенин билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийинки орунда 33 учур менен Бишкек шаары турат.