Сегизбаев: Икрамжан Илмиянов бажы жана салык кызматтарындагы коррупциянын башында турган

Абдил Сегизбаев / Икрамжан Илмиянов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 2016-2017-жылдары Бажы жана Салык кызматтарындагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турганын «Азаттыкка» билдирди.

«Атамбаевдин учурунда бажы жана салык кызматтарындагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турган. Ал саясий фигура катары ана башы болгон», — деди ал.

Сегизбаевдин айтымында, алгач Илмияновго карата «Коррупция» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Бирок ал берене кийинчерээк өзгөртүлүп, Илмиянов жеңилирээк жаза алган.

Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана жакын адамдарынын бири болуп эсептелет. Коомчулукта ал «Атамбаевдин шоопуру» катары таанымал. Алгач ал Атамбаев жетектеген «Кыргызавтомашта» иштеп, кийинчерээк 2009-жылга чейин мурдагы президенттин жеке айдоочусу болгон.

Бийлик алмашкан соң, 2018-жылдын октябрында Илмиянов Орусияда кармалып, алдамчылык, пара алуу жана башка кылмыштарга айыпталып, Кыргызстанга депортацияланган. Бирок бул айыптоолордун бирөөсү гана далилденген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Илмиянов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы президенттик штабынын жетекчисинин орун басары болуп турганда 2017-жылдын августунда «Дизель комплект» компаниясынан «демөөрчүлүк жардам» жана «сыйакы» түрүндө 150 миң доллар алган. «Сыйакыны» бийлик компаниянын автоунааларын камактан чыгарышы үчүн берилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылдын октябрында Илмияновду «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Илмиянов мындан тышкары 160 миң сом айыппулга жыгылган. Ал акыркы сөзүндө тагылган айыптарды «жүйөөсүз» жана «далилсиз» деп атаган.

2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскарткан. Кийин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жатак-абагына которуу чечимин кабыл алган.