Сот Илмияновду мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга кести

Бишкектин Октябрь райондук соту 30-октябрда Икрамжан Илмияновду «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга кесүү өкүмүн чыгарды. Мындан тышкары, ага 160 миң сом айыппул салынды. Анын жактоочусу бул өкүмдү даттанаарын билдирди.

Илмиянов өзү акыркы сөзүндө өзүнө каршы айыпты «негизсиз» жана «далилсиз» деп атады.

Бийлик Икрамжан Илмияновго каршы 2018-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал учурда Илмиянов жети берене боюнча шектелген. Алардын арасында «Алдамчылык», «Ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана башкалар.  УКМКнын маалыматы боюнча, кылмыш иши козголгондон кийин Илмиянов өлкөдөн чыгып кеткен, бирок кийин аны кармашып, Кыргызстанга алып келишкен. Илмиянов сотто өлкөгө өз эрки менен кайтып келгенин билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Илмиянов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы президенттик штабынын жетекчисинин орун басары болуп турганда, 2017-жылдын августунда, «Дизель комплект» компаниясынан «демөөрчүлүк жардам» жана «сыйакы» түрүндө 150 миң доллар алган.

Атамбаев жана анын КСДП партиясы Илмияновго каршы тергөөнү «саясий жүйөөлөнгөн» деп атаган.

Илмиянов 2009-жылы Атамбаевдин жеке айдоочусу, ал эми 2010-жылдагы революциядан кийин жардамчысы болгон. 2011-жылы Атамбаев президент болуп турганда президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына дайындалган. Аталган кызматтан аны «Вечерний Бишкек» гезитинин имаратын басып алууга айыпташкандан кийин 2015-жылы кеткен. Андан кийин Илмиянов Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген.