УКМК: «Женгонун» балдары экинчи кылмыш жасабайбыз деп эл алдында убада берди

Улуттук коопсуздук комитети 10-декабрда ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында Кадыр Досоновдун («Женго» каймана аты менен таанымал) уюшкан кылмыштуу тобунун (УКТ) активдүү эки мүчөсү колго түшүрүлгөнүн кабарлады. Экөө тең мурда соттолгон.

Атайын кызматтын маалыматына карганда, кармалгандар менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында алар эл алдында УКТнын иштерине аралашпай турганын билдиришкен.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган кылмыш жасоо үчүн топ түзүү фактысы боюнча кармалган адамдар менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Алар УКТнын жагымсыз иштерине аралашуудан эл алдында баш тартып, мындан ары мыйзамды так сактай турганын убадалашты», — деп бидирди УКМК.

Комитет УКТнын ишмердүүлүгүн жоюу боюнча иш-чаралар улантылат деп билдирди.

Буга чейин УКМК «Женгого» издөө жарыялаган. Ведомствонун маалыматында, Досонов жеке менчикке каршы өтө оор кылмышка аралашкан. 28-ноябрда Ош облустук соту Досоновго карата камакка алуу чечимин сыртынан чыгарып, издөө жарыялаган.

«Женго» деген ким?

«Женго» каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтун башчысы болгон. Ал 2013-жылы киши колдуу болгон полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен 2015-жылы кармалган.

2017-жылы Кара-Суу райондук соту эгерде айыптоочу тарап кийинки инстанциясына арыз менен кайрылбаса, соттолуучуну токтоосуз бошотуу чечимин чыгарган.

Милиция буга чейин 2019-жылдын октябрында Досоновду кармаган. Анда Досоновдун айдоочусу милицияга баш ийбей, кийин унаадан курал табылган. Айдоочуга административдик протокол толтурулуп, Женго профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин коё берилген. 2019-жылдын сентябрь айында «Азаттыктын» корреспонденти Ыдырыс Исаков социалдык тармакка «Женго» менен Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаевдин жолуккан видео жарыялаган.