УКМК финполдун мурдагы башчысы Бакир Таировду кармады

УКМКнын басма сөз кызматы финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров кармалганын кабарлады. Комитеттин маалыматына ылайык, Таиров үстүбүздөгү жылдын октябрь айында маморгандардын биринин жетекчисинен кайсыл бир саясий партияны каржылоо үчүн ири суммадагы каражат алган.

Финполдун мурдагы башчысы 10-декабрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Таировдун иши боюнча тергөө уланууда.

Бакир Таиров 2018-жылдын апрель айынын соңунан тарта финполду жетектеп баштаган. Ал бул кызматка дайындалганга чейин ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеген.

Таиров жана Матраимовдордун үй-бүлөсү

2019-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери Кыргызстандан 700 млн доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөө жарыялашкан. Иликтөөнүн башка фигуранты— экс-бажычы Райым Матраимов болгон. Бирок, Матраимовдор кланынан тышкары иликтөөдө Бакир Таировдун дагы аты аталган.

Журналисттердин колуна тийген маалыматка ылайык, депутат Искендер Матраимовдун жубайы Миновар Жумаева «AKA Immobilien»компаниясынын негиздөөчүсү болуп саналат.

Финполдун эск-башчысы Бакир Таиров дал ушул «AKA» компаниясы менен байланышы бар — Таировдун агасы Искендер «AKA Petroleum» компаниясынын бизнес-өнөктөшү болгон. Искендер Таиров каза болгондон кийин «AKA Petroleumдун» иштери анын жесири Чолпон Элмуратованын жана бир тууган Таировдордун күйөө баласы Токтосун Туманбаевдин колуна өткөн.