Акыркы суткада коронавирус 341 адамда аныкталды, 89 бейтап өтө оор абалда

Акыркы сутка ичинде коронавирус 341 адамда аныкталды. Инфекцияга чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды — 112 жана 93 адам.

Вирус жуктуруу учурларынын 58и Ысык-Көл облусунда, 35и Жалал-Абад облусунда, 17си Баткен облусунда, 14ү Ош облусунда жана төртөө Ош шаарында катталды.

Коронавируска кабылгандардын эң аз саны Талас жана Нарын облустарында катталды — 6 жана 2 адам.

Акыркы суткада оору жуктургандардын 11и — медицина кызматкерлери. Алардын төртөөсү Чүй облусунда, үчөө Баткен облусунда, үчөө Бишкекте жана бирөө Ысык-Көл облусунда катталды.

Мындан тышкары, акыркы сутка ичинде 453 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Алардын арасында 8 медицина кызматкери бар. Учурда ооруканаларда 2149 бейтап жатат, алардын 89унун абалы өтө оор, 555 бейтап оор абалда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери, жалпысынан коронавирус инфекциясына 77 059 адам чалдыгып, 69 794 адам айыкты жана 1307 бейтап оорудан каза болду. Бирок, мурдараак жалпы статистикадан 400 бейтаптын өлүм учурлары алынган — аларда коронавирустан тышкары башка оорулары аныкталган, көбүнчө жүрөккө байланыштуу оорулар.