«Өмүрүбүздү сактап калыңыз». Оштун тургундары Садыр Жапаровдон жардам сурайт

Ош облусунун тургундары Tik Tok социалдык тармагында президентке талапкер Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасашты. Өзүн Элмира жана Сардор деп тааныштырган жаштар алардын бирге болуусуна жакындары каршы болуп жатышканын айтышкан.

Элмиранын айтымында, туугандары алардын сүйлөшүүсүнө каршы болгондуктан, качууга аргасыз болушкан.

«Өз каалоом менен качканмын. Таякелерим, үйдөгүлөрүм каршы болуп атат. Үйдөгүлөр өлтүрүп коюшат. Сизден суранам, биздин өмүрүбүздү сактап калыңыз», — дейт кыз.

Сардордун айтымында, алар бирге болууну кыздын жакындары укук коргоо органдарына кайрылып, алардын үстүнөн даттанышкан. Ал ошондой эле 21 жашта болгонун, кыз болсо 19 жашта экенин белгилеп, өз каалоолору менен нике кыйдырышканын билдирген.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кыздын апасы Сардордун үстүнөн милицияга арыз жазганын билдирди. Бул окуя боюнча Ноокат РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кыз ала качуу » беренеси менен катталган. Учурда түгөйлөргө издөө салынып, кызды үйүнө кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.