Ошто жактоочунун өлүмү боюнча кармалгандын жакындары тергөөгө судья таасир эткенин билдиришүүдө

Жактоочу Токтогул Кенжебаевдин өлүмү боюнча кармалган «Ошэлектро» ишканасынын Ош шаарындагы аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Рахматилла Осмоновдун жакындары 14-декабрда Ош облустук прокуратуранын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар тергөөчү Замир Ырысмаматовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, «Бейбаштык» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырбоону талап кылышты.

Шектүүнүн бир тууган иниси Алыкул Осмоновдун айтымында, маркумдун жакындары укук коргоо органдарында иштегендиктен, «тергөө амалдарына таасир тийгизип, маалыматтарды бурмалап жатышат».

«Адвокаттын бир тууган агасы Кара-Сууда судья болуп иштейт экен. Ал экспертизаны “каалагандай” кылып чыгартып атат. Жогору жакта, прокуратурада тааныштары бар экен, буйрук берип, беренени өзгөртүп жатышат. Менин агам кылган ишине ылайык жазасын алсын. Ал киши өлтүргөн жок. Качанкыга чейин карапайым элдин балдары камалып кете бериши керек», — дейт Осмонов.

Ошондой эле, Осмонов маркумдун эжеси да жактоочу болуп эмгектенерин айтат.

«Ошто Динара деген адвокат бар экен. Кенжебаев ошонун бир тууган эжесинин баласы болгондуктан адвокаттардын WhatsApp группасына “бул ишти эч кимиңер албагыла” дептир. Кимиңер ала турган болсоңор “эшексиңер” деп жазганын окудум. Ал группадагы жазышууну мага тааныш жактоочулар окутту», — дейт Осмонов.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда орун алган. Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Рахматилла Осмоновдун жашаган үйүнө ууру кирип, аны Осмоновдун жубайы көрүп калгандыктан жолдошуна «уруунун» кийген кийимдерин сүрөттөп берген. Ал аны табуу максатында көчөгө чыккан.

«Осмонов түнкү саат 03:00 чамасында №102 аялдамадагы кичи базарда кийими “ууруга” окшош адамды жолуктуруп, экөө мушташа кеткен. Ал адам мас болгон. Мушташкандарды көргөн эки бала аларды карай басканда, алардын бирөө [жактоочу — ред.] качып кеткен. Артынан күбө болгон эки бала жана Осмонов кууп барышканда, мас адам өзүн сууга таштап жиберген», — деп түшүндүрүштү Ош ОИИБиден.

Окуя боюнча алар милицияга кабар беришкен жана Осмонов уурулук фактысы боюнча арыз жазган. Окуядан бир жума өткөн соң каналдан Токтогул Кенжебаевдин сөөгү табылган. Маркум Кенжебаев — Кара-Суу райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаевдин бир тууган иниси.

Мындан сырткары, Ош ОИИБинин маалыматында Осмонов менен Кенжебаевдин окуяга чейин тааныштыгы болбогондугу белгиленген. Шектүү маркумду «ууруга» окшоштуруп алгандыктан ортодо мушташ чыккан. Соттук-медициналык экспертиза маркум «сууга тумчугуунун» натыйжасында өлгөндүгүн аныктаган.

«Өлтүрүү тууралуу ою да болгон эмес. Бирок, маркумдун агасы судья Нурлан Кенжебаевдин тергөөгө кийлигишүүсү менен шектүүгө “Бейбаштык” эмес, “Киши өлтүрүү” өзгөчө оор кылмышка шектенүү жөнүндө кабарлама берүү аракети жүрүп жатат», — деп билдирди Ош ОИИБиден.

Мындан сырткары, 11-декабрда шектүү Осмоновдун жактоочусу Асылбек Кунгуров Тергөө кызматынын башчысына арыз менен кайрылып, тергөөчү Замир Ырысмаматовду тергөөдөн четтетүүнү суранган. Ош ОИИБи билдиргендей, учурда тергөө башчысы бул боюнча чечим кабыл ала элек.

Ошондой эле, Осмоновдун бир тууган карындашы окуяга күбө болгон эки киши да туура эмес көрсөтмө берип жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, аларды буга маркумдун туугандары мажбурлап жатат.

«Анын [маркум Кенжебаевдин — ред.] адвокат эжеси ал балдарга [күбөлөргө — ред.] “сууга түртүп жиберген” деп көрсөтмө бересиңер, “болбосо силер да жоопко тартыласыңар” деп жаткандыгы үчүн ушундай көрсөтмө берип жатышат. Ал киши [маркум — ред.] өзү сууга секирип түшкөн, менин агам анын аркасынан кууп жеткен да эмес», — деп кейиди Осмоновдун карындашы.

Мындан сырткары, нараазычылык акциясына чыккандар шектүү алты айдан бери ТИЗОдо негизсиз кармалып, тергөө амалдары атайын узарып жаткандыгын билдиришти. Алар Осмоновду «Киши өлтүрүү» беренеси менен соттоо аракети көрүлүп жатат деп эсептешет.

Ал эми, Ош облустук прокуратура башчысынын орун басары Сүйүн Мамыров тергөө учурунда жаңы пайда болгон жагдайлар тергөөнүн узарышына алып келет деп билдирди. Ошондой эле, ал маркумдун жакындары тергөөнүн жүрүшүнө таасир тийгизе албайт деп убадалады.

«Тергөөчү кабыл алган чечимге кандайдыр бир органдын киришүүсүнө акысы жок. Бирок, ал ишти акыйкатсыз тергесе, коюлган берене негизсиз болсо анда жоопко тартылат. Бул иш боюнча кабарым бар, иштин созулушу коронавируска да байланыштуу болушу мүмкүн. Көзөмөлдөөчү прокурор бар, ал баарын сотко чейин карайт», — деди Мамыров.

«Клооптун» кабарчыларынын судья Нурлан Кенжебаев менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.