Баткен: Өзбекстандын жардамы менен 10 күндө 200 орундуу оорукана курулат

Баткен облусунун Кадамжай районунда жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулушу 19-ноябрда башталды. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, 200 орунга ылайыкташкан оорукана Өзбекстандын колдоосу менен курулуп жатат.

Жеңил конструкциядагы оорукана 10 күндө курулуп бүтүп, керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат. Оорукананын курулушуна керектелчү 40 тонналык темир курулмалар Кызыл-Кыя шаарындагы темир жол бекетине келип түшкөн.

Жаңы типтеги оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасына жакын жердеги бир гектар аянтка курулат. Ал эми бейтаптарды дарылоодо Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, баткендик кесиптештери менен тажрыйба алмашышат.

«Пандемия менен күрөшүүдө, элибиздин саламаттыгына кам көрүп, жакындан жардам көрсөткөнү, эки элдин кылым карыткан кошуналык жакын мамилесин далилдеп, кыргыз-өзбек элинин ынтымагын дагы бир ирет бекемдеди», — деп билдиришти өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү.

Буга чейин да Баткенге Өзбекстандан 6 млн 300 миң сомдук гуманитардык жардам келген. Анда медициналык каражаттар болгон. Ошондой эле, коңшу мамлекеттен Ош шаарына да май айында баасы 248 миң долларды түзгөн медициналык каражаттарды түзгөн гуманитардык жардам келген.

Баткен облусунда дагы бир 90 орундуу жугуштуу оорулар бейтпаканасы иш алпарып жатат. Ал үчүн август айында өкмөттүн бюджетинен 12 млн сом бөлүнүп, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

19-ноябрга карата өлкө боюнча коронавирустун 422 учуру катталды. Анын ичинен 21и Баткен облусунан аныкталган. Ошондой эле, акыркы суткада коронавирустан 92 бейтап сакайган.