Ошто «терезеден качкан» прокурор: Өмүрүмдү сактап калууга аракет кылдым

Сарыков

Ош шаарында «мас абалында сотко катышкандан кийин терезени сындырып качканы» айтылган облустук прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн улук прокурору Союзбек Сарыков орун алган окуя боюнча пикирин билдирди. Ал терезеден качканын тастыктап, бирок «мас абалда болгон эмесмин» дейт.

Анын айтымында, 12-декабрь күнү УКМК тарабынан «мамлекетке зыян келтиргени үчүн» кармалган Түштүк бажы кызматкерлеринин биринин бөгөт коюу чарасы каралган. Сот Сарыков тарабынан келтирилген өтүнмөнү канааттандырып, ал камакка алынган.

Ал эми отурум бүткөндөн кийин Сарыков «мага белгисиз кишилер чагымчыл суроолорду берип, башка койгулап жиберишти» дейт.

«Өмүрүмө кол салуу болбосун деп, тергөө судьясынын кабинетине кирүүгө мажбур болдум. Кабинетке кирип жатканымда “буга окшогон прокурорлорду чаап салыш керек, кармагыла” деп жатышты. Ал кабинеттен чыгып кетейин десем чыкканга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Тарапташтары көбөйүп жатканын айтышты. Өзүмдүн коопсуздугум үчүн терезеден качып кетүүгө аргасыз болдум», — деди ал.

Ошондой эле ал «буга чейин пневмония менен ооруп, жумушка 7-декабрь күнү чыкканын» айтып, ден соолугу «кайра начарлаганынан ооруканага көрүнүп жүргөнүн» кошумчалады.

«Союз, сен мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби?»

Буга чейин соцтармактарда 12-декабрда прокурор «мас абалында сотко катышкандан кийин терезени сындырып качып кетти» делген тасма тараган.

Алгач тасмада аял кишинин беткапчан кишиге «Союз, сен мас абалыңда менин баламдын тагдырын чечтиңби?» деп кыйкырган. Беткапчан киши аялдын суроосун жоопсуз калтырган.

«Мен сенин үстүңдөн тиешелүү жерлерге арызданам [...] Сөзүңдү сүйлөй албай, кагазыңды окуй албай жатасың. Кантип ушул кебетең менен баламдын тагдырын чечтиң? Сүйлөй албайсың, массың. Мени күйгүздүң го сен!» — деп тасмадагы аял ыйлаган.

Андан соң беткапчан киши имараттагы кабинеттердин бирине кирип кеткен. Ал эми экинчи тасмада кабинет сыртынан тартылып, анда терезенин тосмолору кыйшайып калганын көрүүгө болот — тасманын автору киши кирип кеткен бөлмөнүн терезесинен качып кеткенин айткан.

Кийинчерээк ал киши облустук прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн улук прокурору Союзбек Сарыков экени белгилүү болгон.

Окуядан соң облустук прокуратуранын Сарыков эмгектенген тергөө бөлүмү ага карата кызматтык иликтөөнү баштаган. Ошондой эле ШИИБ аталган фактыны «Ээнбаштык» деп каттап, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Ош: «Мас абалында сот отурумуна катышкан» прокурордун үстүнөн иликтөө башталды