Күндүн скриншоту: Садыр Жапаровдун жетишкендиктери

15-декабрда Кыргызстанда президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий башталды.

Президенттикке талапкерлердин бири Садыр Жапаров дагы шайлоо алдындагы кампаниясын баштап, сайтын ишке киргизди.

Президенттике талапкер Садыр Жапаровдун расмий сайтынын скриншоту

Жапаров тууралуу маалыматтан тышкары сайтта «Жетишкендиктер» деген бөлүм бар. Ал жакта азырынча болгону Жапаров премьер-министр болгон учурга тиешелүү үч жетишкендиги көрсөтүлгөн. Бул кызматта ал бир ай иштеген.

Жапаровдун эки жетишкендиги тууралуу макалада анын Баткен облусуна болгон иш сапары тууралуу айтылат. Ал сапардын жыйынтыгында турак жай куруу үчүн 600 гектар жер тилкеси трансформацияланган.

Жапаровдун сайтта көрсөтүлгөн экинчи жетишкендиги — Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы насостук станцияны жыл аягына чейин ишке киргизүүгө тапшырма бергени.

Бирок, Жапаровдун бул сайтында премьер-министр станцияны 2020-жылдын акырына чейин ишке киргизүүнү тапшырды деп жазылган. Ал эми президенттин расмий сайтында ушул эле пресс-релиз жарыяланган жана анда Жапаров курулуш иштерин «2021-жылдагы сугат мезгилине чейин» аяктоону тапшырганы жазылган.

Жапаров өзүнүн үчүнчү жетишкендиги деп премьер-министр кызматында иштеп турганда берген тапшырмасын эсептейт — ага ылайык, 100 миң сомго чейинки кредит төлөөчүлөр пайыздарды төлөөдөн үч айлык мөөнөткө бошотулган. Өкмөт бул ишке 1,2 млрд сом бөлүп берерин билдирген. Бирок Жапаров башында бул демилге бюджеттен каржыланбайт деп а йткан.

Садыр Жапаров 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөдө орун алган башаламандыктан пайдаланып премьер-министрлик кызматка келген. Министрлер кабинетин жетектөөгө жана президенттин милдетин аткаруучу кызматын Жапаров тарапташтарынын коркутууларынын аркасында ээ болгон.