БШК Жапаровду коштогон УКМКчылар боюнча ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылды

Боршайком президенттикке талапкер Садыр Жапаровду күзөттөп жүргөн УКМКнын кызматкерлерине үгүт кийимдери кийгизилгенине байланыштуу Башкы прокуратурага жана ИИМге кайрылды. Буга чейин Жапаровдун сайтында жана соцтармактарда «Садыр президент» деген жазуусу бар көк спорттук топу жана бортоной кийинген УКМКнын кызматкерлери аны коштоп жүргөнү тартылган сүрөттөр жарыяланган.

Бул соцтармак колдонуучуларынын арасында нааразычылык жараткан. Алар мамлекеттик кызматкерлердин кийиминде шайлоонун белгилерин пайдалануу админресур колдонуу болуп саналарын айтышкан. Алар УКМКнын 9-башкармалыгынын (Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкерлери эмдигиче Садыр Жапаровду коштоп жүрүшкөнүнө дагы нааразы болушкан.

Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-ноябрындагы президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттин м.а. жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарын ноябрь айында эле тапшырган.

Жапаровдун атаандаштарынын көбү БШК аны президенттикке талапкер кылып каттап койгонуна каршы чыгышкан. Алардын айтымында, Жапаров шайлоо мыйзамын бир нече жолу бузган.

Мурдараак, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова БШКнын аракеттерине каршы доосу менен Бишкектин Административдик сотуна кайрылган. Ал БШКнын Жапаровду президенттикке талапкер катары катоо тууралуу чечимин жараксыз деп таанууну талап кылып, БШКнын бул чечими мыйзамдуу эмес жана башка талапкерлердин укуктарын бузат деп билдирген.

Сооронкулова буга чейин башка талапкерлер жана саясатчылар менен бирге БШКга кайрылып, Садыр Жапаровду шайлоого каттабоону өтүнгөн.

«Садыр Жапаров президенттин милдеттерин өткөрүп, [шайлоого] катышып жатат. Бирок өткөргөн учурда дагы бардык артыкчылыктарга ээ болду: УКМКнын төрагачылыгына, Башкы прокуратурага өзүнүн партиялаштарын дайындады. Президенттин аппаратында бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дайындалган адамдар. Ошол себептен биз “мыйзам бузуу болуп жатат” деп Борбодук шайлоо комиссиясына “Садыр Жапаров талапкер катары катталбасын” деген кайрылуу жибердик», — деп билдирген ошондо Канат Исаев.

Мындан тышкары, алар учурдагы Конституцияга таянып, президенттин м.а. кызматында иштеген адам толук кандуу президенттикке бара албайт деп билдиришкен.

Алар БШКны Жапаровдун бузууларына жана башка талапкерлердин укуктарына көңүл бурууга чакырышкан. Бирок Боршайком алардын арызын канааттандырган эмес.

Жапаровдун үгүт иштери

Мындан тышкары, президенттикке талапкерлер Жапаров шайлоодо көп добуш алуу максатында админресурс колдонуп, оппоненттеринин укуктарын бузуп жатат деп билдиришкен. Алар муну менен Жапаровдун пандемия маалындагы аймактарга болгон иш сапарын айтышууда — анда Жапаров президенттин м.а. кызматында эл чогултуп, аларга ар кандай убадаларды берген.

«Ал бардык аймактарды агитация аянты катары колдонуп кыдырып чыкканга жетишти. Шайлоого катардагы жаран катары барам деп убада берген. Кечээки маегинде бардык саясий чечимдер Жапаровдун кийлигишүүсү менен кабыл алынып жатканы белгилүү болду. Шайлоонун адилет жана таза өтүшү чон күмөн жаратууда», — деп билдирген Сооронкулова.

Үгүт жүргүзүү маалы 15-декабрда башталган. Садыр Жапаров үгүт кампаниясын баштап, 15-декабрда алгачкы жолугушуусун Талас облусунда өткөрүүгө жетишкен.