Депутаттар Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүү үчүн кол топтоп жатышат

Аида Касымалиева

Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикер Аида Касымалиеваны кызматтан чакыртып алуу үчүн кол чогулта баштады. Бул тууралуу эл өкүлдөрү билдиришти.

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналында бул маалыматты тастыктады.

«КСДП фракциясы чакыртып алуу боюнча чечим даярдап жатат. Анын ордуна Социалдык саясат комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованы койгону жатышат», — деди Бекешев.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүүнүн себеби белгисиз болуп жатканын билдирди.

«Мен деле кечээ уктум, Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен түшүрүүгө кол чогултуп жатышыптыр. Бул маселени КСДП фракциянын жыйынында карай турганы айтылууда. Азырынча буга эмне негиз болуп жатканы белгисиз. Вице-спикерликке Гүлкан Молдобекованы көрсөтүп жатышат», — деди Мамашова «Спутник» басылмасына.

Касымалиева өлкөнү башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду колдоого албаганы үчүн аны кызматтан алуу аракети болуп жатканы айтылууда. Референдум 2021-жылдын 10-январында өткөрүлөт.

Ал эми Касымалиева «Азаттыкка» бул тууралуу соцтармактардан билгенин, бирок так маалыматы жоктугун билдирди.

Аида Касымалиева 2018-жылдын декабрь айында вице-спикер болуп шайланган — ал өзүнүн партиялашы Асел Кодуранованын ордуна келген. Кодуранова аны вице-спикерликтен кетирүү чечими «бузуулар» менен коштолгонун айткан.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Касымалиева «Биримдик», ал эми анын ордуна сунушталып жаткан Молдобекова «Мекеним Кыргызстан» партиясынан аттанышкан.

Касымалиева Садыр Жапаровду депутаттар чогулуп премьер-министрликке бекиткенин «мыйзамсыз» деген. Анткени кворум чогулбай, айрым депутаттар болсо коркутуулар астында жыйынга келишкенин билдирген. Касымалиева эл өкүлдөрүн депутат Урмат Самаев коркутуп жатканын айткан.

Кийинчерээк депутаттар үчүнчү жолу чогулушуп, кворум сакталгандан кийин гана Садыр Жапаровду кайрадан премьер-министрликке бекитишкен.