Кыргызстандык дагы эки балбан кыз Дүйнө кубогунда байгеге ээ болду

Мээрим Жуманазарова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 68 килограммга чейинки салмакта алтын медаль алды. Ал 16-декабрдагы финалдык таймашта чехиялык Адель Ханзликова менен кармашып, 8:2 эсебинде жеңишке жетти.

Алгачкы мелдеште Жуманазарова белорусиялык Анна Садчанканы (4:1), ал эми жарым финалда украиналык Алина Бережна Стадник-Махиняны (6:6) уткан.

Ошондой эле, дагы бир кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло медалга ээ болду. Ал орусиялык Екатерина Букина менен үчүнчү орун үчүн күрөшүп, 11:8 эсеби менен жеңишке жетти.

Ал биринчи беттешинде болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде уткан. Бирок жарым финалда германиялык Аллин Роттер Фокен менен килемге чыгып, утулуп калган.

Бул беттештердин натыйжасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы үч байгеге ээ болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта алдын медаль тагынган.