Өлкөдө COVID-19 дагы 264 кишиден аныкталды — жалпы 78 415 учур

Республикалык штаб 17-декабрда өлкөдө коронавирустун жаңы 264 учуру катталганын маалымдады. COVID-19ду жуктургандардын арасында сегиз медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 86 (төрт медкызматкер);

Чүй облусу — 60;

Ысык-Көл облусу — 44 (эки медкызматкер);

Ош облусу — 25;

Жалал-Абад облусу — 20;

Нарын облусу — 13;

Баткен облусу — 11 (эки медкызматкер);

Талас облусу — 3;

Ош шаары — 2.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 386 бейтап сакайды — алардын арасында тогуз медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 115, Чүй облусунда — 110, Ысык-Көл облусунда — 41, Баткен облусунда — 31, Жалал-Абад облусунда — 28, Ош облусунда — 20, Талас облусунда — 18, Ош шаарында — 15 жана Нарын облусунда сегиз бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында, Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтаптын өмүрүн алды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 78 415ке жетти. Анын ичинен 71 656 бейтап айыгып, 1 321 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 1 815 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 89 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 2 743 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.