Мирлан Чыныбаев «Политехтин» жаңы ректору болуп шайланды

Мирлан Чыныбаев

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 16-декабрда ректорду шайлоо өттү. Окуу жайдын жетекчиси болуу үчүн жети талапкер ат салышкан:

  • Абай Асиев, техника илимдеринин кандидаты, доцент;
  • Жалалидин Галбаев, техника илимдеринин доктору, профессор;
  • Турукмен Жабудаев, техника илимдеринин кандидаты, доцент;
  • Таалайбек Маткеримов, техника илимдеринин доктору, профессор;
  • Бекжан Төрөбеков, техника илимдеринин доктору, профессор;
  • Анипа Усупкожоева, техника илимдеринин кандидаты, доцент;
  • Мирлан Чыныбаев, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.

Шайлоонун биринчи турунда бир да талапкер 50%дан жогору добуш ала албагандыктан экинчи тур өткөн. Экинчи турда Мирлан Чыныбаев жана Таалайбек Мааткеримов ат салышып, Чыныбаев жеңишке жетти.

Мирлан Чыныбаев Политехте 2003-жылдан тарта иштеп келет. Ал 2009-жылы Кыргыз-Герман техникалык факультетинин деканы, ал эми 2015-жылы университеттин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору болгон. Ал эми 2017-жылдан тарта Чыныбаев окуу иштери боюнча проректор кызматын аркалаган.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 1954-жылы ачылган. Ошондон бери мамлекеттеги инженердик-техникалык багытта билим берген окуу жайлардын флагманы катары бааланып келет. Алтымыш жылдан ашуун убактан бери республикага, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө ар кандай тармактар боюнча миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Оюнчук эмес». Политех жана медакадемиянын студенттери Кыргызстандагы алгачкы бионикалык протезди кантип жасашты