Новиковдун текшерүүсүнөн кийин кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков ноябрдын аягынан бери Кыргызстанды дээрлик баштан-аяк кыдырып чыкты. Ал чек ара өткөрмө бекеттеринде «Бириккен пост» бирдиктүү маалыматтык системасынын ишке киргизилишин текшерүүгө алган.

Бул иш сапарлардын жыйынтыгында транспорт министрлиги менен бажы кызматында бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болду. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жоопкерчиликке кимдер тартылды?

Транспорт министрлиги:

Автоунаа, суу транспорту жана салмак көлөмдүк көзөмөлдөө агенттигинин Чүй башкармалыгынын башчысы жумуштан алынды. Кызматтан алуунун себеби — милдеттерин бир нече жолу аткарбоо жана талаптагыдай эмес аткаруу.

«Эркечтам» салмак көлөмдүк көзөмөлдөө пунктунун башчысы кызматынан төмөндөтүлдү — ал башка кызмат ордуна которулду.

Мындан тышкары, «Ак-Тилек», «Чалдыбар» пункттарынын транспортук көзөмөлүнүн 22 кызматкери жана «Чоң-Капка», «Кызыл-Адыр» пункттарынын 11 кызматкери башка жерге которулду.

Түштүк-батыш бажысы:

«Баткен» бажысына караштуу «Кайрагач» өткөрмө пунктунун башчысы кызматтан төмөндөтүлдү — ал инспекторлук орунга которулду.

Түштүк аймактагы бажы көзөмөлүн тескеген «Оштун» Бажы процесстер борборунун башчысы кызматынан эки баскычка төмөндөтүлдү, андан соң башкы инспектордун кызматына которулду.

«Достук» өткөрмө пунктунун башчысы кызматынан эки тепкич ылдыйлады. Андан соң башка участокко ага инспектор катары орун которгон.

«Достуктун» ага иснпекторлору дагы кызматтан ылдыйлап, коштоочу жана нөөмөт бөлүмүнө которулган.

Андан тышкары, ички иликтөө бөлүмү тарабынан «Достук» өткөрмө бекетиндеги окуя иликтенип жатат. Ал эми товарларды эсепке алуу жана көзөмөлдөө ишине жооптуу делген салык кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө аягына келип жетти. Өкмөттүн басма сөз кызматы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Жетекчилердин жеке жоопкерчилиги

Новиков 17-декабрдагы жыйында салыктык башкарууну санариптештирүүнүн алкагындагы бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө өтүшү керектигин, тапшырмаларды кеч аткаргандыгы үчүн ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик тартарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Премьердин м.а. ушул жылдын 20-декабрына чейин «Бириккен пост» системасы «Чалдыбар — Автожол», «Ак-Тилек — Автожол» жана «Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл өткөрмө пункттарында пилоттук режимде иштеп башташы керек деп айтты.

«Аталган тутумдун аягына чейин иштелип чыкпаган компоненттери аны толук кандуу ишке киргизүүгө тоскоолдук келтирүүдө. Белгилей кетсем, автоматташтырылган тутум биринчи кезекте, салык кызматына керек, анткени, ал толук кандуу ишке киргизилгенде, коррупциялык тобокелдиктер жокко чыгарылат, ал эми чогултулган каражаттар республикалык бюджетти толтурууга багытталат», — деди Новиков.

Ал долбоорду ишке ашырууда адам фактору толугу менен жок кылынышын талап кылды: товарга коштолуучу керектүү документтер бул кызматтардын жооптуу кызматкерлеринин алдында же алардын көзүнчө толтурулбашы керек, бардык иш-аракеттер контаксыз жүргүзүлүшү зарыл.

«Азыр тутум ишке кирсе дагы, кагаз түрүндөгү документтер колдонула берет деп 95% ишенем. Бул компонентти олуттуу түрдө иштеп чыгуу керек», - деп баса белгиледи», — премьер министрдин милдетин аткаруучу.

Дареги айтылбаган сындар

Новиков 28-ноябрда Чүй облусунун аймагындагы Казакстан менен чектеш «Чалдыбар» өткөрмө пункттун текшерип, анын кызматкерлерин чабал иштеп жатканы үчүн сынга алган. Негизинен премьер-министрдин м.а. салык кызматы 15-ноябрдан тартып товарларларды эсепке алуунун пилоттук тутумун ишке киргизүү тапшырмасын аткарбагандыгын баса белгилеген.

Ал бул системанын жабдыктары коюлбай эле дагы деле үкөктөрдо турганын байкаган. Ошондой эле Новиков маморгандардын товарлардын КӨЖ аркылуу өтүүсү боюнча маалыматтары ар башка болуп жатканын белгилеген.Ошондон кийин ал алдыга коюлган милдеттерди аткарбагандарга тийиштүү чара көрүүнү тапшырып, жаңы тутумду текшерүү үчүн кайра дагы келип кетерин убада кылган.

Салык кызматы Новиковдун эскертүүлөрүнө жооп берип, өз мойнундагы жумушун берилген мөөнөттө аткарганын, ал эми «Бириккен пост» системасынын жабдыктарын башка маморгандары орнотушу керек болчу деп жооп кайтарган. Кызматтын маалыматына караганда, көзөмөл-өткөрмө жайынын ишине салыкчылардан башка сегиз маморгандын өкүлү катышат.

Бажы кызматы дагы сынды башка ведомстволордун дарегине оодарууга шашкан. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, Кыргызстан ЕАЭБ кирери менен 2015-жылдын августунда «Чалдыбар» көзөмөл өткөрмө пунктунан бажылык көзөмөл алынган — ал жакта товарларды эсепке алуу боюнча жабдуулар жок.

«Албетте, айтылган сындар Мамлекеттик бажы кызматынын дарегине эмес, башка көзөмөлдөөчү органдарга багытталган», — деп тактоо киргизген ошондо бажычылар.