«5-октябрьдагы окуялардын кайталанышына жол бербейбиз» — Мамытканов

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Кыргызстандын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча жыйынында штаб кымындай дагы бузууларга токтоосуз реакция кыларын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы кабарлады.

«Дагы бир ирет кайталап кетем, шайлоочулардын укугу бузулган учурда укук коргоо органдарынын реакциясы катаал болот. Биз 5-октябрдагы окуялардын кайталанышына жол бербейбиз», — деди Мамытканов.

Ал административдик ресурс пайдаланылса, шайлоочулардын добушу сатылып жатса, же башка мыйзам бузуулар орун алса, Координациялык топтордун реакциясы токтоосуз болушу керектигин белгиледи.

Шайлоо өнөктүгү жаңыдан гана башталганы менен талапкерлер президенттин милетин мурдагы аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан бузуулар болуп баштаганын айтып чыга башташты. Талапкерлер аны жарыштан четтетүүнү талап кылган. Алардын айтымында, Жапаровдун шайлоого катышуусу мыйзамсыз, бирок сот алардын дооматын канааттанырган эмес.

Парламенттик шайлоонун алдындагыдай эле ондогон фейк аккаунттар соцтармактарда айрым талапкерлердин кызыкчылыктарын сүрөшүүдө. Парламенттик шайлоо учурундагыдай эле айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү президенттикке талапкер болуп аткан башка саясатчылардын колдоочулары тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтып арызданышууда.

Октябрь окуясы

5-октябрда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын массалык нааразычылыгы башталган.

Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан.

Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн.

Ондогон ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт чыгарышкан.

Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Нааразычылыктардын шарданы менен абактагы айрым саясатчылар, анын ичинде парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров эркиндикке чыккан. Абактан чыккандан кийин Жапаров өзүн-өзү премьер-министрлик кызматка дайындап, андан соң тарапташтарынын кысымы менен алтынчы чакырылыштын депутаттары аны бул кызматка бекитишкен.

Кийин Жапаров коркутуп-үркүтүүнүн арты менен президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирип, анын ордун ээлеп алган.

14-ноябрда Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.