Кара түтүн. Өкмөт Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү маселесин карайт

Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министрдин м.а. Артём Новиков Бишкектеги экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөргөнүн маалымдады. Ал тийиштүү органдарга Бишкек ЖЭБин газ отунуна өткөрүү мүмкүндүгү боюнча эсептерди жүргүзүүнү тапшырды.

«Эгерде көмүргө жана газга карата чыгымдар салыштырмалуу бирдей болсо, анда бул маселени тез арада чечүү керек», — деп билдирди ал.

Новиков ар бир тармактык мамлекеттик органдардын экологиялык маселелери боюнча маалыматтары ар башка болуп жатканын жана тигил же бул фактор абанын булганышына канчалык таасир этип жаткандыгы боюнча так маалыматтары жок экенин белгиледи.

Анын айтымында, кээ бир маалыматтар боюнча зыяндуу чыгындылардын 20% Бишкек ЖЭБине туура келет. Новиков 2019-жылы үз-кыш мезгилинде ташылып келинген көмүрдүн сапатынын талапка жооп бербегендиги үчүн штрафтык санкциялар 14 млн сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын 3 айына жетпеген учурда ал 68 млн сомду түзгөнүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, премьер-министрдин м.а Бишкектин айланасындагы кошуштарды газдаштырууну, коомдук жана жеңил транспортту газ кыймылдаткычына өткөрүүнү сунуштады.

Новиковдун айтымында, Бишкек шаарынын айланасындагы 22 калктуу конуш газга туташтырылган — бул 14 миң үй газ киргизгенин билдирет. Дагы беш конушта жумуштар аягына чыгып калган.

Ошондой эле Новиков мэрияга от казандарды газга өткөрүү, таштанды полигонундагы бөлүштүрүү линияларын куруу маселесин чечүү, комплекстүү жашылдандыруу программасын ишке ашыруу, ошондой эле желаргыны эске алуу менен архитектуралык долбоорлоого карай мамилени өзгөртүү тапшырмаларын берди.

Бишкектин экологиялык көйгөйү

Бишкекте экологиялык абал жыл сайын суук түшөөрү менен начарлап, шаарды коюу кара түтүн каптай баштайт. Зыяндуу бөлүкчөлөрдүн саны эбак эле ченемден ашып кеткен — бул тууралуу мындан он жыл мурда эле айтылган.

Экологдордун айтымында, абанын сапатына көп батирлүү үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБдин чыгындылары кыйла зыян тийгизет. Анткен менен бийлик жылуулук борборунда катуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын 97 пайызга тазалап турган күчтүү чыпкалар турат деп билдирип келет.

18-декабрда Бишкекте кара түтүнгө жана бийликтин бул маселеге чара көрбөй жатканына каршы кезектеги марш болуп өттү. 2019-жылы дагы митингдер өтүп, жүзгө чукул адам борбордук аянтта экологиялык кырдаалга карата нааразылыктарын билдиришкен.

Ал убакта Бишкектин абасы «ден соолук көйгөйлөрүнө сезимтал адамдарга зыян» көрсөткүчүнөн «кооптуу» көрсөткүчүнө чейин өзгөрүп турган. Анда шаар бийлиги калаада аба кооптуу экенин мойнуна алып, тургундардан бет кап кийип жүрүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну суранган.