Видео: Жапаровдун үгүт иш-чарасында сахнада турган кыз эс-учун жоготту

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон үгүт жолугушуусунда сахнада «Садыр президент» деген жазуусу бар транспорантты көтөрүп турган кыз эс-учун жоготту. 

Окуя 18-декабрда Жапаров элге кайрылып сөз сүйлөп жаткан учурда болгон. Талапкердин жансакчылары кызды көтөрүп сахнадан алып чыгып кетишкен. Жапаров өзү болсо тез жардам чакырып, кыздын тилин чыгарууну айткан.

Учурда кыздын абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда. 15-декабрда башталган үгүт иштери 9-январга чейин созулат.