Акыркы суткада коронавирустун жаңы 211 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 20-декабрда коронавирустун жаңы 211 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 82синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 129унда клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 64;

Чүй облусу — 56;

Ысык-Көл — 50;

Жалал-Абад облусу — 10;

Ош облусу — 12;

Баткен облусу — 6;

Ош шаары — 6;

Талас облусу — 3;

Нарын облусу — 4.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 79 122ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 37 181. Ал эми Чүй облусунда — 10 987, Ош облусунда — 8 121, Жалал-Абадда — 9 682, Ысык-Көлдө — 6 920, Ош шаарында — 5 465, Баткенде — 7 058, Нарын облусунда — 2 210 жана Талас облусунда — 2 485 учур катталды.

Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 141.

Ошондой эле, акыркы суткада 321 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 107, Жалал-Абад облусунда — 19, Ош облусунда — 9, Ош шаарында — 8, Баткен облусунда — 19, Чүй облусунда — 112, Ысык-Көл облусунда — 26, Нарын облусунда — 8, Талас облусунда — 13 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 72 780 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 664 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 84 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 463 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан эки COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 330 киши көз жумду. Анын ичинен 924ү эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон.

Мындан сырткары, өлкө боюнча үч медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада жети медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4072ге жетти, анын ичинен 3 836 медкызматкер илдеттен айыкты.