ДССУ: COVID-19дун мутацияланган түрү Улуу Британиядан дүйнөгө тарап жатат

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нидерландда, Данияда жана Австралияда COVID-19дун жаңы түрүн аныктады. Ал буга чейин Улуу Британияда табылып, башка өлкөлөргө тез тарап жаткан убагы. Бул тууралуу ДССУнун адиси Мария Ван Керкхове BBCге курган маегинде айтып берди.

Анын айтымында, коронавирустун ушул штаммы мутация болгондуктан жугуштуу болуп кеткен. Бирок, учурда анын жугуштуулугун аныктоо жана бул вируска чалдыккан адамдан көз карандылыгын аныктоо боюнча изилдөөлөр жүрүп жатат.

«Бизге жеткен алдын-ала маалыматтарга караганда, бул штаммды жуктуруп каза болгондор көп эмес. […] Андан тышкары организмдин аларды нейтралдаштыруучу антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү изилденүүдө. Бул изилдөөлөр дал ушул учурда, биз сүйлөшуп жатканда жүрүп жатат», — деди ал.

Ван Керкхове ДССУ изилдөөнүн жүрүшү, жыйынтыктар тууралуу коомчулукка кабарлап турган окумуштуулар менен үзгүлтүксүз байланышта экенин белгиледи.

Коронавирустун жаңы түрү

BBC коронавирустун ушул штаммы биринчи жолу 2020-жылдын сентябрында Улуу Британияда катталганын маалымдайт. Ноябрь айында Лондондогу инфекцияга кабылуу учурларынын дээрлик төрттөн бири COVID-19дун жаңы түрү болгон. Ал эми декабрдын ортолорунда бул сан үчтөн экини түзгөн.

Азырынча окумуштуулар COVID-19дун ушул штаммы канча пайызга жугуштуу болуп кеткенин айтыша элек. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 70% деген көрсөткүчтү айтып өткөн. Бирок, айрым эпидемиологдор азырынча бул тууралуу айтуу эрте экенин, анткени кайсы учурлар адамдардын жүрүм-турумуна, кайсылары вируска байланыштуу экенин бөлүп кароо кыйын экенин айтышууда.

Ошол эле мезгилде, коронавирустун буга окшош варианты Түштүк Африкада аныкталган. Бирок окумуштуулар ал британиялык COVID-19 менен эч кандай байланышы жоктугун айтышууда. BBC жаңы вирус ооруну жеңе албай калган иммунитети алсыз адамдын организминде мутацияланышы мүмкүн экенин жазды.

Окумуштуулардын айтымында, коронавирустун жаңы түрү дагы мутация болуп кетпесе эле учурда иштелип чыккан вакциналар ага туруштук бере алат.

Жаңы штаммдын кескин күч алышынан улам дүйнө өлкөлөрү чечкиндүү чараларга барды. 20-декабрдан тартып Улуу Британияда карантин чаралары күчөтүлгөн. Ирландия, Германия, Франция, Италия, Нидерланддар жана Белгия сыяктуу мамлекеттер тумандуу Альбион менен аба каттамдарын токтоткон. Ошол эле учурда Римде вирустун мутацияланган штаммы катталган. Вируска кабылган адам ал жакка Улуу Британиядан учуп келген, учурда ал обочого алынган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 21-декабрга карата өлкө боюнча коронавируска бардыгы болуп 79 254 адам чалдыкканын маалымдады. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча COVID-19дан же ооруканадан тышкаркы пневмониядан 73 005 бейтап айыгып чыккан.

Ведомствонун маалыматы боюнча, пандемиянын башынан бери өлкөдө коронавирустан 1 331 адам каза болду.