Парламенттик шайлоо мыйзам бузуу менен өттү, биз шайлоонун таза өтүшүн камсыздап беребиз — Талант Мамытов

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 20-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна болгон иш сапарында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушкан. Мамытовдун Ноокенге барышы түштүк аймактарды кыдырып жүргөн үзөңгүлөш досу Садыр Жапаровдун үгүт сапары менен бир убакка туш келген.

Мамытов 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөнүн, өлкөдөгү башаламандыктарга жана массалык каршылыктарга алып келгенин айтты.

«6-7-октябрда Кыргызстанда эл толкуп, анын натыйжасында бийлик тынчтык жолу менен алмашты. Калктын нааразылыгына парламенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуу менен жана адилетсиз өткөнү, ошондой эле республикада сапаттык өзгөрүүлөр болбогону себеп болду», — деди Мамытов.

Анын айтымында, азыркы учурдагы биринчи максат — «таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү».

«Республиканын тарыхында биринчи жолу башкаруу формасын эл өзү тандайт. Биз таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз. Анткени Кыргызстандын келечеги ушуга байланыштуу», — деди президенттин милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов жана «Кыргызстан» партиясы

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого президенттин м.а. Талант Мамытов «Кыргызстан» партиясынын катарында барган. Аталган партия менен «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларын 4-октябрдагы шайлоо учурунда админресурс колдонууга жана шайлоочулардын добуштарын сатып алууга айыпташкан.

Август айында эле айрым саясий бирикмелердин мүчөлөрү БШКга кайрылып, шайлоого катталуу үчүн документтерин кечиктирип алып келген партияны шайлоо өнөктүгүнөн четтетүүнү талап кылышкан.

Бардык партиялар 24-август саат 18:00гө чейин Боршайкомго документтерин тапышыры керек болчу. Бирок байкоочу камералардагы тасмада «Кыргызстандын» өкүлү БШКга саат 18:01де келгени жазылып калган.

Анда БШК байкоочу камералардын сааты 13 мүнөт алдыда экенин айтып чыккан. Ал эми БШКга кирип-чыккандарды катоочу журналда «Кыргызстан» партиясынын өкүлү келген убакытты 17:59 деп оңдоп коюшкан.

Мындан тышкары, партиянын мүчөсү Дастан Жумабеков дагы мыйзам бузган. Ал жаңы төрөгөн келинге «сүйүнчү» катары акча бергени коомдо кызуу талкуу жараткан.

Сентябрь айынын ортолорунда Дастан Жумабеков парламенттин спикери кызматында иштеп турганда, Талас облусундагы жаңы төрөгөн келин баласына Дастан деп ат койгону үчүн ага 50 миң сом берген.

Анда укук коргоочулар ИИМ жана Башкы прокуратурага кайрылып, Жумабековду кылмыш жообуна тартууну талап кылышкан.

БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова Дастан Жумабековду же жалпы «Кыргызстан» партиясын шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү маселесин кароону сунуштаган. Анткени белек берүү түздөн-түз шайлоочунун добушун сатып алуу болуп саналарын ал билдирген. Бирок БШКнын 18-октябрдагы жыйынында добуш берүүдө Абдрахматованын сунушу өткөн эмес.

Референдум жана президенттик шайлоо

Кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Шайлоого 18 талапкер катышууда. Азырынча, өлкөдөгү башаламандыктардан кийин бийликке келген Садыр Жапаров гана шайлоо алдындагы үгүт иштерине баарынан көп каражат коротту — 44 млн сом.

Кыргызстандыктар парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандап, же «баарына каршы» деген вариантка добуш бериши керек. Референдум —Жапаровдун 6-октябрда тарапташтары тарабынан колониядан бошонгондон кийинки өзүн колдогондорго берген убадаларынын бири.

Юристтер жана көз карандысыз байкоочулар референдумду дайындоодо көптөгөн мыйзам бузуулар орун алганын айтып чыгышкан. Алардын ою боюнча, аны жалгыз демилгелеген алтынчы чакырылыштын депутаты Акылбек Жапаров Конституцияны бузду жана анда бул долбоорду чыгарууга да ыйгарым укугу жок болчу.

Алар президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө өтүшүнө макул эмес. Алардын пикиринде, кыргызстандыктар талапкерлердин шайлоо алдындагы программасы менен таанышып, референдумга коюлган суроолорду талдап чыгууга үлгүрбөйт.

Ал эми Жапаров акча үнөмдөп калуу үчүн референдум менен президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштаганын билдирген. Ал толкундоолордон кийин өлкө жарандарын ушул маселе тынчсыздандырат деп эсептейт.